Табият менен таттуу мамиледе болуу

«Күч бирдикте» дегендей, көпчүлүк баштаган иш натыйжалуу болот. Бул тууралуу «көп түкүрсө көл болот» деген сөз көбүнчө жакшы мааниде колдонулуп келет. Ал эми тыйындын эки тарабы бар демекчи, көпчүлүктүн  кайдыгерлик менен көчөгө таштаган таштандылары чогулса, жаратыштын көркүн бузат жана адам баласынын ден соолугуна зыянын тийгизет. Айлана-чөйрөнү булгоо – бул өзү олтурган дарактын бутагын кесүү менен барабар. Ошол себептен динибиз адамдарды ички тазалыгы менен бирге сырткы тазалыгын; денебизди, кийимибизди жана айлана-чөйрөнү таза сактоого чакырат. Бул тууралуу Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Үйлөрүңөрдүн алдыларын таза кармагыла», – деп айткан.

Ар ким өзүнүн үйүнүн айланасын тазалоосу милдет болсо, коомдук жайларды тазалоосу садака болуп саналат. Бул жөнүндө Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Тоскоолдук жарата турган бир нерсени жолдон алып салуу – садака» – деп айткан. Бул иштин сооптуулугу жадагалса бейишке чейин жетелеп баруусу жөнүндө башка бир хадисте: «Бир адам жолдо жаткан тикенектүү бир шакты көрүп: «Аллахка ант ичемин, муну мусулмандардан оолак кылайын. Аларга зыян келтирбесин», – деди. Ушундан улам ал киши бейишке жайгаштырылды» – деп айтылат.

Дагы башка бир хадисте: «Ыймандын жетимиштен ашык бутагы бар. Эң жогоркусу «Лаа илааха иллаллах (Аллахтан башка кудай жок) сөзү, эң төмөнкүсү болсо, жолдо инсандарга тоскоолдук жарата турган нерсени алып салуу», – деп келет.

Ошондой эле, атайын айланасын тазалоо үчүн ишембилик өткөрүп, чыккан таштандыларды кошунанын жерине же коомчулук өтүүчү жолго таштоо мусулманчылыкка жатпайт. Анткени Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Чыныгы мусулман өзүнө каалаган жакшылыкты башкаларга да каалаганы» – деп айткан. Ошол себептен ар бир чыккан таштандыларды атайын орнотулган таштанды таштоочу урнага алып баруу зарыл. Бирөөгө пайдаң тийбесе да, зыяның тийбесин. Коомдук жайларды тазалоо колуңуздан келбесе, тазалаган адамдардын мээнетин кадырлап барктаңыз. Ал үчүн жолдо болор-болбос жерге таштанды таштабай, атайын таштанды таштоочу урнага алып барууңуз жетиштүү болот.

Ал эми кооз жаратылыш коюнунда жашоо үчүн абаны булгабай, мүмкүн болушунча абаны тазалоо үчүн айлана-чөйрөнү жашылдандыруу керек. Ислам дини адамдарды айлана-чөйрөнү жашылдандыруу иштерине үгүттөп келет. Анткени адам баласы дем алганда кычкылтекти жутуп, көмүртек чыгарабыз. Ошол себептен Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Суу ичкениңерде идиштин ичине демиңерди чыгарбагыла. Кайра суу ичүүнү каалагандар, идиштен оозун алыстатып (демин чыгарып) кайрадан ичсин», – деп айткан. Ал эми жашыл дарактар бизге абаны тазалап бергендиктен, эң оор абалдарда болгон учурда деле жер бетин жашылдандырууга үндөп: «Кимиңердин колуңарда курма көчөтү болсо, кыямат башталып калса да, дароо аны эксин» – деп хадистерде айтылган. Бак отургузгандан кийин анын көлөкөсүндө адамдар олтуруп эс алса, мөмөсү болсо, жеп курсак тойгузса сообу бактын ээсине үзгүлтүксүз жетип тургандыгы жөнүндө Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Бир адам бак-дарак эгип, ал канчалык мөмө берсе, Аллах сөзсүз түрдө ошончолук сооп жазат» – деп айткан.

Ошондуктан, өлкөбүздүн кооз табиятына зыян жеткирбей, табият менен таттуу мамиледе болуп, адам катары татыктуу жашоого аракет кылалы.

Даярдаган: Алибек Акпарали уулу, Ош шаардык мусулмандар казыятынын кадр, катчылык жана маалымат адиси