Ноокат районунун имамдарына жыйын болуп, имамдарга тапшырмалар берилди

Бүгүн, 12-январь күнү Ош облусунун Ноокат районунун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев райондун жалпы имамдарына жыйын өттү. Жыйында мечиттердин жылуулугу, ыксыз чыгымдарды болтурбоо, улуттар аралык ынтымак, никеге байланыштуу маселелер жана экстремизм, терроризмдин алдын алуу боюнча сөз болуп, тиешелүү маселелер боюнча имамдарга тапшырмалар берилди.

«Узап бараткан жылда ыксыз чыгымдардын алдын алуу боюнча бир канча иш-чараларды өткөргөнбүз. Анын жыйынтыгы баарыбызга маалым. Албетте бул иштерде сиздердин салымыңыздар чоң. Бул жылы да сиздер менен талыкпай алгылыктуу иштерди жасайбыз деген үмүттөбүз» – деди Музаффар ажы Турдубаев.