Ажылык-2023: САПтын ажылык министрлиги быйылкы ажылык иштери мурдагы калыбына келгендигин маалымдады

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Сауд Араб Падышачылыгына жасаган расмий иш сапарынын алкагында Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министринин орун басары доктор Абдель Фаттах бин Сулейман менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушууда тараптар 2023-жылдагы ажылык сапары боюнча сүйлөшүп, даярдыктарды баштоо керектиги айтылды.

«Быйылкы жылы Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык жана умра министрлигинин «масар электроник» электрондук порталы 15-20 күндөн тарта өз ишин баштай тургандыгы белгилүү болду. Портал иштегенден тарта биз бардык келишимдерди базага жүктөп, ажылыктын алгачкы иштерин баштайбыз. САПтын ажылык министринин орун басары доктор Абдель Фаттах бин Сулейман мырза ажылык иштери өз калыбына түшкөндүгүн айтып, эгер кандайдыр бир COVID-19 сыяктуу жугуштуу оорулар чыгып калса, чектөөлөр САПтын ажылык министрлиги тарабынан кирип калуусу мүмкүн экендигин билдирди»,-деди КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы.

Муну менен катар кыргызстандык делегация САПтын жарандык авиациясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, анда КР Жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары Тимур Аскаров Кыргызстандын учуу тартиптери, шарттары боюнча маалымат берди. Ал эми  САПтын жарандык авиациясынын өкүлдөрү «Худуд Саудия», «Адил» жана «Флайнас» авиакомпаниялары Саудиянын зыяратчыларга кызмат көрсөтүүчү расмий авиакомпаниялары экендигин билдиришти.