Намазда Фатиха сүрөсүнөн кийин «амийн» кандай айтылат?

Намазда «Аамийн» сөзү купуя айтылат.

Биринчиден, “Аамийн” сөзү жөнүндө кеп кылалы, бул сөз негизинде араб тилиндеги сөз эмес. Бул ибраний тилинде.

Аамийндин мааниси «кабыл кыл» дегенди түшүндүрөт.

قَالَ ابْنُ عَبَّاسٍ: سَأَلْتُ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ عَنْ مَعْنَى آمِينَ، فَقَالَ: افْعَلْ.

Ибн Аббас (разияллоху анху) айтат: «Мен Алланын Элчисинен аамийндин маанисин сурадым эле, Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) мага: «Анын мааниси «аткар» деп жооп берди».

Аамиин сөзү дуба деген маанини да билдирет. Себеби, «аамийн» мындай деген мааниде: «Биздин кылган таат-ибадаттарыбызды кабыл кыл жана дубабызды да кабыл кыл». Фатиха сүрөсүнүн «Валадз-зооллиийн» деген сөзүнөн кийин Аамийн деп айтуу сүннөт. Ушинтип айтуу сүннөт экендигине төмөнкү хадис далил.

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «إِذَا أمَّنَ الْإِمَامُ، فَأَمِّنُوا، فَإِنَّهُ مَنْ وَافَقَ تَأْمِينُهُ تَأْمِينَ الْمَلَائِكَةِ غُفِرَ لَهُ مَا تَقَدَّمَ مِنْ ذَنْبِهِ «رَوَاهُ الْبُخّارِيُّ

Абу Хурайра (разияллоху анху) риваят кылат: «Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) мындай деп айтты: «Качан имам Аамийн деп айтса, силер да Аамийн деп айткыла. Анткени, кимдин Аамийн деген сөзү периштелердин Аамийн деген сөзүнө дал келсе, анын мурунку кылган күнөөлөрү кечирилет» (Имам Бухарий риваяты).

Демек, Аамийн деп айтуу сүннөт. Бирок, төрт мазхабдын ортосунда купуя айтуу жакшыраакпы же ашкереби деген маселеде кайчы пикирлер бар.

Ханафи мазхабында “Аамийнди” купуя айтуу жакшыраак. Маалики мазхабында да купуя айтуу жакшыраак. Ал эми имам Шаафеъий мазхабында «аамийнди» жарыя айтуу жакшыраак. Ошондой эле ар бир мазхабдын өзүнө ылайык далилдери бар.

Аалымдардын «Аамийнди» ичинен айтуу жана сыртында айтуу туурасында ойлору жана далилдери:

Ханафи мазхабында Аамиинди купуя айтат. Далилибиз: Алла Таала Курани Каримде айткан:

ادْعُوا رَبَّكُمْ تَضَرُّعًا وَخُفْيَةً ۚ إِنَّهُ لَا يُحِبُّ الْمُعْتَدِينَ ﴿٥٥﴾

«Силер Роббиңерге жалбаруу менен купуя дуба кылгыла. Албетте, ал чектен ашкан текеберлерди жакшы көрбөйт» (Аъроф, 55).

Мына ушул аяттан белгилүү болгондой, Аллах Таалага дуба кылууда жалбаруу менен купуя кайрылуу керек. “Аамийн” сөзү хадистин негизинде дуба экендиги маалым. Ошондуктан, аны купуя айтуу сүннөт. Бул биздин Курандан болгон далилибиз. Ал эми хадистен болсо, Аамийнди ичинен айтуу туурасында көптөгөн хадистерге таянып көкүрөк каксак жаңылбайбыз.

Ошол таянган хадистерди көз алдыңызга, деги эле “мен ханафиймин” деген бир туугандарга айтып өтөбүз.

Аътоо бин Робах айтат: «Фатиха сүрөсүнөн кийин айтылуучу «Аамийн» сөзү бул дуба. Аллах Таала Куранда айтат: Аллага жалбаруу менен купуя дуба кылгыла».

حَدَّثَنَا مُحَمَّدُ بْنُ المُثَنَّى قَالَ: حَدَّثَنَا عَبْدُ الأَعْلَى، عَنْ سَعِيدٍ، عَنْ قَتَادَةَ، عَنْ الحَسَنِ، عَنْ سَمُرَةَ، قَالَ: سَكْتَتَانِ حَفِظْتُهُمَا عَنْ رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَأَنْكَرَ ذَلِكَ عِمْرَانُ بْنُ حُصَيْنٍ، وَقَالَ: حَفِظْنَا سَكْتَةً، فَكَتَبْنَا إِلَى أُبَيِّ بْنِ كَعْبٍ بِالمَدِينَةِ، فَكَتَبَ أُبَيٌّ: أَنْ حَفِظَ سَمُرَةُ، قَالَ سَعِيدٌ، فَقُلْنَا لِقَتَادَةَ: مَا هَاتَانِ السَّكْتَتَانِ؟ قَالَ: «إِذَا دَخَلَ فِي صَلَاتِهِ، وَإِذَا فَرَغَ مِنَ القِرَاءَةِ»، ثُمَّ قَالَ بَعْدَ ذَلِكَ: » وَإِذَا قَرَأَ: {وَلَا الضَّالِّينَ} [الفاتحة: 7] «، رَوَاهُ أَبُو دَاوُدَ.

Мухаммад ибн Мусанна, бизге Абул Аъла, ал Саъийдден, ал Катадан, ал болсо Хасандан хадис айтып берди деп хадис айкан. Хасан болсо Самура ибн Жундубдан риваят кылат: «Самура бин Жундуб жана Имран ибн Хусайн экөө сүйлөшүп отуруп, Самура бин Жундуб (разияллоху анху) Пайгамбарыбыздан (соллаллоху алайхи ва саллам) намазда эки жерде «сакта» (унчукпай туруу) кылууну жаттаганын айтат. Имран болсо “бир эле сакта жаттаганбыз”, – деп, анын сөзүнө каршы чыгат. Анан биз Мадинадагы Убай ибн Каъбга (кайрылып, ушул маселенин туурасын чеип берүүсүн сурап) кат жаздык. Убай бин Каъб (разияллоху анху): «Албетте, Самура туура жаттаган», – деп жооп жазды. Саъийд Катададан: «Ал экөө эмне болгон сакта эле?» – деп сураганыбызда, ал: «Биринчиси – имам такбир кылган учурда унчукпоо. Экинчиси кырааттан бошогондон кийин. Тагыраагы, «Валаззооллиинден» бошогондон кийин унчукпоо”, – деп жооп берди» (Абу Дауд риваяты).

Ахмад жана Даарукутнийдин риваятында: Убай бин Каъб (разияллоху анху): “Албетте иш Самура жасагандай”, – деп жооп берген».

وَرَوَىٰ شُعْبَةُ هٰذَا الْحَدِيثَ عَنْ سَلَمَةَ بْنِ كُهَيْلٍ عَنْ حُجْرٍ أَبِى الْعَنْبَسِ عَنْ عَلْقَمَةَ بْنِ وَائلٍ عَنْ أَبِيهِ: أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَرَأَ (غَيْرِ الْمَغْضُوبِ عَلَيْهِمْ وَلَا الضَّآلِّينَ) فَقَالَ: آمِينَ، وَخَفَضَ بِهَا صَوْتَهُ. رَوَاهُ التِّرْمِذِيُّ وَ أَحْمَدُ

Шуъба Салама ибн Кухайлдан, ал Хужр Абу-л-Анбастан, ал болсо Алкама ибн Ваилден, ал болсо атасы Ваил ибн Хужрдан (разияллоху анху) риваят кылган: «Расуулуллах (соллаллоху алайхи ва саллам) «гойри-л-магдзууби ъалайхим ва ла-дз-зоооллийнди» кыраат кылды жана “Аамийн” деди. Анда үнүн пас кылды” (Термизий, 1/249; Ахмад, 4/18864).

مُحَمَّدٌ رَحِمَهُ اللهُ قَالَ: أَخْبَرَنَا أَبُو حَنِيفَةَ عَنْ حَمَّادٍ عَنْ إِبْرَاهِيمَ النَّخَعِيِّ رَحِمَهُمُ اللهُ قَالَ: أَرْبَعٌ يُخَافِتُ بِهِنَّ الْإِمَامُ : سُبْحَانَكَ اللّٰهُمَّ وَ بِحَمْدِكَ وَ التَّعَوُّذِ مِنَ الشَّيْطَانِ وَبِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ وَأَمِينَ

Имам Мухаммад айтат: Бизге Абу Ханифа Хаммаддан, ал Ибрахим Нахаъийден риваят кылып кабар берди: Ибрахим Нахаъий мындай деп айткан: «Төрт нерсени имам купуя окуйт: «Субханака Аллохумма ва би-хамдика …», «Аъуузу биллахи мин аш шайтонир-рожийм», «Бисмиллаахир-рохмаанир рохийм» жана «Аамийн» (1/83).

Ушул риваят Абу Юсуф (рахимахуллахын «Китаб ал-Асарында» (1/106) да келтирилген (Абу Юсуф. Китаб ал-Асар. – Байрут: Дар ал-кутуб ал-илмия, 1355. – Б. 21-22). Аны Ибн Абу Шайба (рахимахуллах) жана Абдуразак да риваят кылган (Ибн Абу Шайба, 2/8940-8945; Абдуразак, 2/2596).

Таабеъийндердин улууларынан бири Ибрахим ан-Нахаъийнин фатвасына караганда «Аамийнди» купуя айтуу керек экен. Ханафийлерден башкалар таабеъийндердин фатвасын далил катары кабыл кылышкан эмес. Ханафийлер болсо, эгер таабеъийн улуу жана атактуу аалымдардан болсо, ошондой эле ал сахабалардын доорунда фатва берип, сахабалардын доорунда жашаган болсо, анын фатвасы кабыл кылынат», – дешкен. Себеби, эгер анын фатвасы туура эмес болгондо, сахабалардын жок дегенде бирөөсү каршы пикир айтмак. Ибрахим ан-Нахаъий (рахимахуллах) болсо 47-50 хижрий жылдарда төрөлгөн жана сахабалар доорунда жашап, хижрий 95-96-жылдарда кайтыш болгон улуу таабеъийн болгон.

«Аамийн» сөзү дубанын кабыл болуусун суралган талап болуп, анын купуя болуусу Куран аяттарынын маанилерине ылайык келет. Экинчиден “Аамийн” сөзү «Аъуузу биллахи мин аш-шайтони-р-рожиймден» жакшыраак эмес. Анткени Аллах Таала Куранда мындай деп буюрган:

فَإِذَا قَرَأْتَ الْقُرْآنَ فَاسْتَعِذْ بِاللَّهِ مِنَ الشَّيْطَانِ الرَّجِيمِ ﴿٩٨﴾

«Ар качан Куран кыраат кылсаң, албетте куулган шайтандын (азгырыгынан) Аллах жардам берүүсүн сурагын!» (“Нахл” сүрөсү; 98-аят).

Ошентсе да, «Аъуузу биллахи мин аш-шайтони-р-рожийм» намазда купуя айтылат. Расуулуллахтан (соллаллоху алайхи ва саллам) да, сахабалардан да аны ашкере айткандыгы жөнүндө таптакыр риваят жок. “Аамийн” сөзү болсо Курандан эмес, жадагалса арабча сөз да эмес. Андыктан, эгер аны “Фатиха” сүрөсү менен зам сүрөнүн ортосунда ашкере айтылчу болсо, бул негизинде Курандан бекен деген экиленүү жүзөгө келип калышы мүмкүн. Ошондуктан аны купуя айтуу кыяска ылайыктуу болот.

وَ بِسَبَبِ اخْتِلَافِ الرِّوَايَاتِ لَا يُوجِبُ التَّرْجِيحَ فَأَنَّا لَا نُنْكِرُ أَنَّ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَ سَلَّمَ رَفَعَ صَوْتَهُ بِآمِينَ بَلْ نَقُولُ رَفَعَ بِهَا صَوْتَهُ وَ لَمْ يَثْبُتْ أَنَّ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَ سَلَّمَ دَاوَمَ عَلَيْهِ أَوْ جَهَرَ بِآمِينَ فِى آخِرِ عُمْرِهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَ سَلَّمَ فَبِهٰذَا عَلِمْنَا أَنَّ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَ سَلَّمَ جَهَرَ بِآمِينَ أَحْيَانًا تَعْلِيمًا لِأُمَّتِهِ ثُمَّ أَخْفَيٰ بِهَا

وَقَالَ الْعَيْنِيُّ وَ رَوَى الطَّبَرَانِيُّ فِى تَهْذِيبِ الْأٓثَارِ حَدَّثَنَا أَبُو بَكْرِ بْنِ عِيَاشٍ عَنْ أَبِي سَعِيدٍ عَنْ أَبِي وَائِلٍ قَالَ: لَمْ يَكُنْ عُمَرُ وَ عَلِيٌّ رَضِيَ اللهُ تَعَالَيٰ عَنْهُمَا يَجْهَرَانِ بِبِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ وَ لَا بِآمِينَ

«Амийн» тууралуу хадистер ар түрдүү келип, алардын бирине басымдуулук жасаш мүмкүн болбоду. Албетте биз Пайгамбарыбызды (соллаллоху алайхи ва саллам) таптакыр жарыя айткан эмес деп айтпайбыз, балким Пайгамбарыбыз (с.а.в) «Амиинди» жарыя айткан, бирок дайыма айтып уланткандыгы жана өмүрүнүн акырына чейин айткандагы бекемделген эмес. Ошондуктан Пайгамбар (соллаллоху алайхи ва саллам) кээде «аамийнди» адамдарга үйрөтүү үчүн жарыя окуган, кийин купуя окуган. Сахабалардын жашоосун карасак, Абу Ваил (рахимахуллах) айтат: Умар жана Али (разияллоху анхума) «Бисмилланы» жана «амийнди» жарыя окубайт эле.

Даярдаган: Абибилла ажы Кадырбердиев, Азирети Муфтийдин орун басары