Манас районунун имамдары 2022-жылы аткарган иштери боюнча отчёт тапшырды

Манас районунун Покровка айылында райондогу имам-хатибдер өткөн 2022-жылда аткарган иштери боюнча Талас облусунун мусулмандар казыятына жылдык отчёт беришти.

Алгач райондун баш имам-хатиби Миржалал ажы Дадабаев жалпы район аймагындагы имамдардын ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди. Андан кийин ар бир имам айыл ичиндеги диний кырдаал жана кайрымдуулук иштери, мечиттин абалы жана документтери боюнча маалымат беришти.

Облус казысы Сулумбек ажы Узеналив имамдардын иштерин жакшы деп баалап, «Кылган кызматыңыздарды Жаратканым кабыл кылсын. Күн-түн дебей, дин үчүн, эл үчүн мээнет кылып жатасыздар. Баарыңыздарга чоң рахмат. Жаратканым насип кылып, ажылык сапарына быйыл 6000 квота берилип жатат. Өз айылыңыздарга кабар бериңиздер, ажылыкка барам дегендер болсо даярдана беришсин. Каттоо башталары менен казыятка барып катталышсын», – деди.