Азирети Муфтий Жидда шаарында өткөн ажылыкка байланыштуу эл аралык конференцияга катышып, келишимдерге кол коюуда

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Сауд Араб Падышачылыгына жасаган расмий иш сапарынын алкагында Жидда шаарында өткөн ажылык жана умра кызматтары боюнча эл аралык конференцияга катышты.

Жолугушууга Сауд Араб Падышасынын кеңешчиси, ыйык Мекке шаарынын башчысы Халид аль-Файсал, Сауд Араб  Падышачылыгынын ажылык жана умра министри Тавфик ибн Фаузан ар-Рабиа, транспорт жана логистика министри Салех бин Насер аль- Джасер, өнөр жай жана минералдык ресурстар министри Бандар жана Ибрагим аль-Хорайеф, эки ыйык мечиттин башкармалыгынын төрагасы шейх Абдул Рахман аль-Судейс ардактуу конокторго жакшы каалоолорун айтышты.  

Конференциянын иши зыяратчыларга заманбап кызматтарды көрсөтүү, маалыматтык технологияларды натыйжалуу пайдалануу, транспорттук тейлөөнү жакшыртуу, кесипкөй медициналык жардам сыяктуу маселелер талкууланды.

Расмий сапардын алкагында Азирети муфтий САПтын транспорт башкармалыгынын башчысы жана Медина шаарындагы ажыларды тейлөө мекемесинин жетекчиси менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу келишимдерине кол коюлду.

Эскерте кетсек, Сауд Араб Падышачылыгын ажылык министрлигинин чакыруусу менен 8-январда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров, КР Жарандык авиация агенттигинин өкүлү Тимур Аскаров, КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев жана ажылык-умра бөлүмүнүн адиси Дастан Нукунов ыйык Мекке шаарына жөнөп кетишкен.