Лейлекте жаштар арасында “Билимдүүгө дүйнө жарык” аталышында Куран жарыш өткөрүлдү

Жаштарды адептүүлүккө жана Куранга болгон сүйүүнү күчөтүү менен бирге Куран жаттоого кызыктыруу максатында Баткен облусунун Лейлек районундагы “Лейлек” мечитинин имамы Маратбек Кубатбек уулу жаштар арасында Куран жарыш өткөрдү.

“Билимдүүгө дүйнө жарык” аттуу жарышка  Ыйык Куран китебинен 1, 2, 3 пара жаттаган 50 дөн ашуун бала катышты. Жыйынтыгында калыстардын чечимине ылайык  төмөнкүлөр жеңишке жетти.

3 пара жаттоо боюнча:

1-орун – Нурел Иманалиев;

2-орун – Нурдин Абдухалилов;

3- орун – Анас Гапаралиев.

2 пара жаттоо боюнча:

1-орун – Лукман Сейитказиев;

2-орун – Төрөкул Момунов;

3-орун – Расул Аширалиев.

1 пара жаттоо боюнча:

1-орун – Исхак Курбанов;

2-орун – Али Абдмажитов;

3-орун – Нуриман Аззамбеков.

Жеңүүчүлөргө демөөрчү тарабынан мал жандыктары, акчалай сыйлыктар жана китептер тапшырылды.