Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын аты менен…
Ислам дининде ыйман негиздеринин экинчиси периштелерге ыйман болуп саналат. Биз, мусулмандар Алла Тааланын периштелеринин бар экенине ишенебиз. Периштелер түзүлүшү, аткарган функциялары менен башка жаратыктардан айырмаланып турат. Алланын вахийин жана нубувватын кайып (гойб) ааламынан биздин ааламга алып келүүчүлөр периштелер болуп эсептелет. Алар ааламдагы тартип жана системалуулукту кармоодо кызмат кылышат. Инсандардын жан дүйнөсүндө оң таасир калтырган, жүрөктөрүнө жакшылыктарды илхам кылгандар да периштелер болуп саналат.
Периште сөзүнүн арабчасы малак – «элчи» дегенди туюндурат. Көптүк формасы малааика. Ыйык Куранда периштелер боюнча көптөгөн кабар айтылган. Ошондой эле пайгамбарыбыз (с.а.в.) да аларды көргөнүн айткан. Демек бул кабарлар периштелердин бар экендигинин айкын далили болуп саналат. [1]
Периштелердин бар экендиги башка самавий диндерде да айтылат. Бирок тунук акыл периштелердин бар экенин ачык-айкын (б.а. Алланын бар экенин билгендей) биле албайт.Ошол эле учурда жокко да чыгара албайт. Бирок периштелердин бар экени акылга жатат. Периштелер руханий жана нураний жаратыктар. Ыйык Курандын көптөгөн аяттарында периштелердин өзгөчөлүгү баяндалат.
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا قُوا أَنفُسَكُمْ وَأَهْلِيكُمْ نَارًا وَقُودُهَا النَّاسُ وَالْحِجَارَةُ عَلَيْهَا مَلَائِكَةٌ غِلَاظٌ شِدَادٌ لَا يَعْصُونَ اللَّهَ مَا أَمَرَهُمْ وَيَفْعَلُونَ مَا يُؤْمَرُونَ
«Эй, момундар! Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү отуну адамдар менен таштар (болгон) тозоктон сактагыла! Анын үстүндө таш боор жана каардуу периштелер болот. Алар Алланын буйругуна эч каршы болушпайт жана өздөрүнө буйрулган нерселерин кынтыксыз орундатышат».
(Тахрим, 66/6)
يَخَافُونَ رَبَّهُم مِّن فَوْقِهِمْ وَيَفْعَلُونَ مَا يُؤْمَرُونَ
(Алар) өздөрүнөн үстөм болгон Эгелеринен коркушат. Ошондуктан [2]берилген буйруктарды орундатышат.
(Нахл сүрөсү, 16/50)
Периштелер көзгө көрүнбөгөн жана беш туюм менен сезилбеген жаратыктар. Алардын жисманий тулку-бою жок. Балким метафизикалык жаратык десек туура болор. Алардын акыйкаттары Аллага гана маалым.
Периштелер адамдар сыяктуу жеп-ичпейт. Эрек-ураагчысы жок. Нафсаний каалоолого, кумар-шахваттарга ээ эмес. Алар күнөө жана ката кетирбейт. Заты адамдардыкындай эмес. Бирок адамдын кейпине кире алат. Мисалы, Ибрахим (а.с.) пайгамбарга жана Азирети Марямга адам сүрөтүндө келген[3]. Азирети Мухаммедге (с.а.в.) да адам кейпинде келгени маалым.
Бирок алар адам баласынан айырмаланып Аллага толук моюн сунушат. Аларда тандоо жана эрк жок. Алар Алланын ираадасы менен гана кыймылдашат. Өздөрү каалап эч нерсе кыла албайт. Периштелердин канаттары бар. Бул боюнча Куранда айтылган[4]. Бирок ал канаттардын кандай экендиги бизге белгисиз. Периштенин канатын куш же башка нерселердин канатына окшотуу туура эмес.
Ыйык Куранда периштелердин аткара турган иштери баяндалган. Алардын милдеттерин негизинен 3 топко бөлүп карасак болот.
1) Мукорробун же иллийун; Даражасы жана абалы боюнча Жаратканга жакын периштелер. Булар дайыма Аллага мактоо айтып, зикир кылып, тасбих жана танзих кылуу (аруулоо) менен шугулданат.
إِنَّ الَّذِينَ عِندَ رَبِّكَ لاَ يَسْتَكْبِرُونَ عَنْ عِبَادَتِهِ وَيُسَبِّحُونَهُ وَلَهُ يَسْجُدُونَ
Чындыгында, Эгеңдин алдында (периштелер) Ага кулчулук кылууда текеберденбей Алланы аруулашат жана сежде кылышат[5]!
(Арааф сүрөсү, 7/206)
2) Мудаббирот; Бул топтогу периштелер ааламдагы тартиптүүлүктүн сакталуусу боюнча иш алып барат. Б.а. Алла койгон закондордун негизинде өз милдеттерин аткарышат.
3) Адамга гана байланыштуу иштерди аткарчуулар; Бул топтогу периштелерди төмөнкүдөй классификацияга бөлсөк негиздүү болот.
а) Улуу төрт периште: Булардын эң улугу Жабраил (а.с.). Ага вахийлерди пайгамбарларга жеткирип туруу милдети жүктөлгөн. Жабраил (а.с.) Рухул-Амин жана Рухул-Кудус деп да айтылат. Төрт улук периштенин үчөө; өлүм периштеси – Азраил (а.с.), табият иштерин аркалаган Микаил (а.с.) жана Сурду үйлөөчү Исрафил (а.с.).
б) Момундарга жардамчы периштелер: Булар пайгамбарларга жана салих момун кулдарга күч-кубат берүү, кайгылуу жана оор абалдарда маанавиятын (духун) көтөрүү боюнча иштерди аткарат.[6]
в) Бейиш жана тозок периштелери: Бул жашоодо Аллага моюн сунуп, ислам талабында жашап өткөн момундарга салам берип тосуп алуучулар бейиш периштелери болсо, Аллага ишенбеген, Ага баш ийбеген адамдарды тозокто жазалоочу периштелер ушул топто. Тозок периштелеринин улугу Малик болуп саналат.
г) Дубачы периштелер: Кээ бир периштелер момундар үчүн дуба кылышат. Адамдарга Алладан хидаят тилешет. Ал эми момундарга кылган дубалары алда канча кубаттуу жана мартабалуу болуп саналат. Алар пайгамбарлар үчүн да дуба кылышат.[7]
д) Жакшылыкты жүрөккө сепкен периштелер. Кээ бир периштелер адамдарга кооз иштерди жана жакшылык кылууну илхам кылат, эргүү берет.
е) Хафаза периштелери: Булар ар бир адамдын жакшы жана жаман иштерин жазуучу эки периште.[8] Курандагы аталышы Кироман-Катибин. Алар кандай форматта кантип жазары Аллага гана маалым.
ж) Мункар жана Накир: Булар өлгөн адамды кабырда эсепке тартуучу периштелер.
Периштелерге ыйман келтирүүнүн көптөгөн пайдалары жана хикматтары бар. Мисалы, Аллага кулдук урууда периштедей кынтыксыз жана так аткаруу, күнөөлөрдү жазып жатканын туюп, жаман иштерден качуу ж.б. Ошондой эле момун үчүн дубачы жана жардамчы периштелердин бар экенин билүү адамга сабыр, кайрат берет, чыдамкайлыкка тарбиялайт. Алар сыяктуу пакиза, аруу, таза болууга аракет жасалат.[9]
Жыйынтыктап айтканда, Алланын периштелери бар экенине момун катары ыйман келтиребиз. Периштелер Алла буюрган иштерди гана аткарышкан аруу, пакиза, нураний жаратыктар. Бирок шарапаттуулук жагынан алып караганда, адам баласы алардан да бийик, алардан да урматтуу боло алат! Кантип? Сыратум-мустакимде жашап өтүү менен…
Даярдаган: Самидин кары Атабаев, Азирети Муфтийдин орун басары
[1]Келам: Тарих, Эколлер, Проблемлер//Сефахеттин Гөлжүк, Сүлейман Топрак, 417
[2]Алла тарабынан
[3]Худ, 69-73; Марям, 16-17
[4]Фатир, 35/1
[5]Бул аят “сежде аяты” депаталып, окуган да, уккан да сежде кылууга тийиш. А сежде кандай тартипте жасаларын билүү үчүн “Мухтасар” аттуу фикх китебинин А. Исмаиловдун кыргызча котормосунун Тилават сеждеси – он үчүнчү бөлүмүн караңыз.
[6]Аали Имран, 3/123; Анфал, 8/9-10.
[7]Шуъара, 26/5; Нажм, 53/26; Арааф, 1/156; Мумин, 40/7-9.
[8]Инфитар, 82/10.
[9]Калбердиев, «Калам: Ахли сүннөт теологиясы», 106-107.