Муфтият ажылардын формасын тигүү боюнча конкурс жарыялайт!

(архив)

Ажылык –2023 ажылык сапарында ажылар кийүүчү жайкы кемселин (жилет) тигүү конкурсуна катышуучуларга коюлуучу

ТАЛАПТАР:

  1. Убактылуу Республикалык Штабдын (УРШ) төрагасынын атына конкурска катышуу боюнча арызы.
  2. Конкурска катышуучу жактын иш кагаздарынан (документтеринен) көчүрмөлөр.
  3. Лицензия (патенттин) көчүрмөсү.
  4. Салык жана соцфондго атайын төлөмдөр боюнча карызы жоктугун тастыктоочу документ.
  5. Конкурска катышуучу жактын тигүү ишканалар рыногундагы кеминде үч жылдык ишмердигин тастыктоочу каржы иш кагаздары.
  6. Реквизиттер.
  7. Ажылык сапарында ажылыр кийүүчү жайкы кемселдин (жилет) эркектер жана аялдар үчүн  үлгүсү (конкурска көрсөтүүгө).
  8. УРШнын мүчөлөрүнө (эркектер жана аялдар үчүн) кийүүчү жайкы кемселдин (жилет) үлгүсү (конкурска көрсөтүүгө).

Конкурска катышууга заявкалар 25.01.2023-ж.дан 17.02.2023-ж. чейин кабыл алынат.

Конкурс 21-февраль 2023-ж. КМДБнын имаратында саат 10:00до өткөрүлөт.

Өткөрүү дареги: Бишкек шаары, Гоголь көч. 57.

Уюлдук тел: 0705811523;  тел/факс: 0312 48 61 67;     э-почта: muftiyat.hajj@mail.ru

Эскертүү: Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечигип тапшырылган заявкалар комиссия тарабынан каралбайт.