Муфтият Ажылык-2023 боюнча маалымат жыйынын өткөрдү

Бүгүн, 24-январь күнү «Кабар» агенттигинде КМДБнын жетекчилиги Ажылык-2023 боюнча маалымат жыйынын өткөрүп, андагы талаптар, шарттар жана ажылыкка каттоо сыяктуу күн тартибиндеги маселелер боюнча маалымат беришти. Азирети Муфтийдин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев ажылыктын нарктамасы жана калькуляцияга байланыштуу журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып төмөнкүлөрдү билдирди:

«Баа азырынча белгисиз, анткени каражаттын 99 пайызы Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министрлигинен көз каранды. Алсак, транспорт, Мина, Арафат, Муздалифа өрөөндөрүндөгү кызмат көрсөтүүлөр, тамак-аштын бааларын алар белгилеп берет».

Ал эми КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев талаптар боюнча токтолуп, жарандарды ажылыкка каттоо боюнча кеңири маалымат берди.

Белгилей кетсек, бүгүндөн тарта электрондук кезекте турган ажыларды каттоо иштери башталды. Ал эми тизмеде жокторду каттоо 20-февралдан 6-мартка чейин жүргүзүлөт.