Ажылык – 2023: Муфтияттын алдында Убактылуу республикалык штаб өз ишин баштады

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын алдында ажылыкты уюштуруу боюнча 30 кишиден турган убактылуу республикалык штаб (УРШ) алгачкы кеңешмесин өткөрүп, бир катар маселелер талкууланды.

“Жыл башында Сауд Араб Падышалыгынын атайын чакыруусу менен Аравияга барып, тиешелүү тараптар менен жолугушуп, келишимдерге кол коюп келдик. Жалпыңыздарга маалым болгондой, ажылык мурдагы калыбына түштү. Биздин ажылыкты уюштуруу саясатыбыз ачык-айкындуулукка негизделген. Сиздерди жогорку деңгээлде иш алып барат деп ишенем”, – деп билдирди Азирети Муфтий өз сөзүндө.

Жыйында конкурстардын мөөнөттөрү жана электрондук каттоо боюнча талаптар белгиленди.

ЭЛЕКТРОНДУК КАТТООГО КАТЫША ТУРГАН АЖЫГА БАРУУЧУЛАРГА КОЮЛГАН ТАЛАПТАР:

  1. 2023-жылы Ажылыкка каттоо тартиби бир гана электрондук (Eid) ID-карт паспорттун негизинде жүргүзүлөт (2023-жылы жаңы катталуучу талапкерлер үчүн).
  2. Ажылык наркынын ичинен (калькуляцияда көрсөтүлгөн) алдын ала 1000 АКШ доллар РСК банкына (ажылык-2023 счётуна) төлөгөндүгү тууралуу квитациянын түп нускасы.
  3. Ажылыкка катталуу үчүн кайтарымсыз төлөмдүн РСК Банкына (ажылык-2023 счётуна) төлөнгөн (1000сом) квитациясынын түп нускасы (2023-жылы жаңы катталуучу талапкерлер үчүн).
  4. Тышкы паспорту (загран).

(электрондук (Eid) паспорт менен Тышкы паспорт бир баракка көчүрүлүүсү зарыл).

(Тышкы паспорттун жарамдуулук мөөнөтү 2023-жылы 31-декабрь айына чейин бүтүүсү жараксыз).

  • Аял киши үчүн махрамдын болуусу шарт.

Күйөөсү менен барса нике күбөлүгү, ал эми эркек махрамы менен барса туулгандыгы тууралуу күбөлүк талап кылынат. 1978-жылы март айында төрөлсө, метирке же нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү талап кылынат, ал эми апрель айында төрөлсө документ түп нускасы  талап кылынат.

(Сүрөт түстүү, ак фондо,жылтырабаган (матовый) кагазда болуусу шарт).

(Аялдар үчүн сүрөткө ак жана кара жоолук, ал эми эркектер ак көйнөк жана ак баш кийим менен түшкөнгө болбойт. )

(Фотошоп программасы менен оңдолуп-түзөлгөн сүрөттөр жараксыз деп таанылат).

  • 2023-жылы алынган №086у формасындагы медициналык справка.
  • Персоналдык маалыматтарды иштеп чыгууга макулдугун берген катка кол коюу

(ID-карт паспортунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу)

  • Келишимге кол коюу жана Ажылык серверге киргизүү (ID-карт паспортунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу).
  • Ажыга баруучунун кийим размери жана жеке номер телефону, каттап жаткан операторго берүүсү талап кылынат.
  • Ажылыкка баруучу жарандын жашы 18 жаштан төмөн болбоосу шарт (2023-жылы 18 жашка толуучу жарандар ажыга барууга укуктуу).
  • Сауд Араб Падышалыгы тарабынан же САПтын ажылык базасынан  (Масар электрония), виза алуу учурларда, мурда ажыга барган талапкерлерге калькуляциядан тышкары кошумча төлөмдөр пайда болсо, ажыга баруучу талапкер өзү төлөйт (Бул маалыматты операторлор, мурда ажыга  барган ар бир ажыга баруучуга  тааныштырып, келишимге кол койдурсун).

Эскертүү:

  • 2019-2022-жылдардан бери кезекте турган талапкерлер төлөө мөөнөтүнүн ичинде 1000 АКШ долларын төлөй албай калса Ажылыктын электрондук тизмесинен чыгарылат.
  • 2023-жылы ажылыкка баруучу жарандар КМДБ тарабынан жарыяланган мөөнөттүн ичинде каттоодон өтүүгө тийиш. Андан кечиккен жарандар каттоого алынбайт.

Жогорудагы талаптар өзгөрүлсө же кошумчаланса маалымдайбыз.