Маймылдан болгон керемет

Бир сүт сатуучу бар эле. Ал акчасын чогултуп жүрүп, кобойгөн кезде ажыга барууну максат кылды. Кемеде кубанычы койнуна батпай ажылык сапарга баратты. Ал түшкөн кемеде толтура эл ар түрдүү улуттагылар жана ар түрдүү кесиптегилер бар эле. Алардын арасында бир маймыл үйрөтүүчү адам жана анын желкесине чыгып, түшүп ойногон кичинекей маймылы да бар эле.
Сапар уланууда биздин каарманыбыз улам ычкырындагы тыйын салынган баштыгын өз ордунда бекен дегенсип улам-улам кармалап койчу. Бир убакта кеменин бурчунда жатып көзү илинип кетет. Чочуп ойгонуп эле бир шумдукту сезгенсип, баштыгын кармаласа жок. Ал дамам ордунда эс учун жоготуп, ордунда катып калды. Өмүр бою чогулткан тыйыны заматта жок болуп кеткенине кыжалат болду. Бир азга эсин жоготуп кайра өзүнө келди. Ал адам кыялында ууруну тапкансыды. Ал маймыл деп ойлоду. Ошол убакта акчасын жоготкон адам маймылды издей баштады. Ал убакта маймыл болсо эчак эле кеменин парусунун чокусуна чыгып, чочоюп олтуруп алган болчу. Акчасын жоготкон адам маймылдын ээсин тапды да жанынан чон канжарын сууруп чыгарып, анын кекиртегине такады.
Акчасын жоготкон адам:- «Менин тыйынымды сенин маймылын гана алды. А сен болсо ага акчаны урдоого үйрөткөнсүн. Тез менин акчамды кайтарбасан ушул жерде мууздап салам»,- деди ал.
Маймыл үйрөтүүчү:- «Тыйынын менде эмес, ишенбесен тинтип көр капчыгымды» ,-деди.
Акчасын жоготкон адам : -» Сенде болбосо маймылында. Айт ага тыйынымды кайтарып берсин»,- деп канжарын дагыда кекиртегине батыра такап турду.
Маймыл ээси «Болду болду токтот. Алып беремин анда болсо»,- деп жалдырап ийди. Анан чокуда тыйын салынган баштыкты кармап ойноп олтурган маймылга кожойуну ылдыйда туруп дагы бир баштыкты көрсөттү. Чокудагы маймыл да баштыгын кожойуну көрсөткөндөй кайталады. Анткени маймыл, ээсин тууроону үйрөнгөн болчу. Маймылдын кожойуну баштыктан бир акчалык тыйынды чыгарып жерге таштады. Маймылда так ээсиндей кылып баштыктан бир тыйынды алды да кемеге таштады.
«Алхамду лиллаах»,- деди муну көрүп турган сүт сатуучу. «Акчам кайра колума тийгидей болду»,- деп кубанды. Маймыл ээси баштыктан экинчи тыйынды алып жерге таштады. Маймыл да баштыктан экинчи тыйынды алды да бирок, аны кемеге эмес, денизге таштады. Таң калаарлык окуя болду. Маймыл бир тыйынды кемеге, бир тыйынды денизге таштай берди. Акыры баштыкта тыйын түгөндү.
Сүт сатуучу адам муну ан-тан болуп көккө карайт эле. «Оо Жараткан кудуретинен айланайын. Ушунчалык адилеттүү белен»,- деп көз жашын тыялбай окүрүп ыйлайт эле. Себеби, ал сүткө тең барабар суу кошуп сатчу.
Ал адам: -«Мына эми сууңдуку сууга, сүттүкү жанга калды»,- деп боздоп атты.

Даярдаган:  Абибилла ажы Кадырбердиев жана Авлиёев Фуркат.

Баткен казыяты.