Үй-бүлөдө эркек менен аялдын мамилеси

Алла Таала никени жер бетинде адамдарды таркатуу,  тукумду улантып, коомду бузукулуктан, зынадан сактоо үчүн жараткан. Жана ошондой эле Жараткан Алла Таала жубайлардын ортосундагы мамилени дагы бийик, назик кылып, ынтымактын, сүйүүнүн жана мээримдин үстүнө тургузду. Алла Таала Курани Каримде айтты: “Ага байыр алууңар үчүн өзүңөрдөн жубай жаратып, ортоңорго махабат жана мээримдүүлүк берип койгону да Анын белгилеринен” (Рум, 21).

Алла Таала эркектерди аялдарына жакшы мамиле кылууга жана алар менен жакшы жашоого, аларга камкорчулук кылып, аларга баш-көз болууга өкүм кылат. Алланын Элчиси (с.а.в.) айткан: “Аялдарга болгон мамиледе Алладан корккула, акыйкатта Алла Таала аларды силерге ишенип берди жана аларды жубайлыкка Алланын сөзү аркылуу алдыңар”.

Пайгамбар (с.а.в.) айтты: “Ким өзүнүн үй-бүлөсүнө  мээримдүүрөөк болсо, ошол ыйманы бийик момун болуп эсептелет”. Дагы:  “Силердин эң жакшыңар өзүнүн үй-бүлөсү менен эң жакшы болгону жана силердин араңардагы эң жакшыңар менмин” деген. Үлгү алууга Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) жашоосу мисал болуш керек. Пайгамбарыбыз (с.а.в) өзүнүн кийимдерин өзү жамап, бут кийимин өзү оңдогон, аялына балдарды тарбиялап, үй жумуштарын кылууда жардам берген. Жана ошондой эле Пайгамбарыбыз (с.а.в) туугандарына да жардам берип турган. Алладан бекем ыйман, диний билим жана ушуга ылайык үй-бүлөдөгү жашкы мамилени сурайбыз.

Эркектин аялга болгон мамилеси жөнүндө.

 Күйөөсү менен аялы бири бирин толуктап турат. Жашоодо ар биринин өзүнчө милдети бар. Үй-бүлөгө камкорчулук кылуу бийик адеп-ахлактын белгиси, күйөөсү менен аялынын ортосундагы мамиле өз ара сүйүүгө жана мээримдүүлүккө негизделиш керек.

  • Аялдар табиятынан сезимтал болгондуктан, эркек аны аяп, анын сезимдерине аяр мамиле кылуу керек.
  • Эркек убактысын жалаң өзүнүн жумуштары, жолдоштору менен эле өткөрүп, аялына көңүл бурбай койбош керек.
  • Үй-бүлөлүк жашоонун алгачкы мезгилинде жубайынан анын колунан келбеген нерселерди талап кылбоо, ага көбүрөөк көңүл буруу жана аны азыраак сындоо. Орунсуз эскертүүлөрдү бербөө.
  • Аялынын өтүнүчтөрү, каалоолорун канааттандыруу жөнүндө аны үмүттөндүрүп коюу.
  • Жубайына сый мамиле кылуу, анын күйөөсүнүн кеңешине муктаж экендигин билдирип коюу.
  • Күйөөсү аялынын кемчиликтерине көтөрүмдүү, кечиримдүү болуу менен эле чектелбестен кезек-кезек аялы менен тамашалашып, көңүлүн көтөрүп туруу керек.
  • Мүмкүнчүлүк болушунча үй иштерине (ашкана, үй тартиби ж.у.с.) кийлигишпөө, андан маанилүү иштер менен алектенүү. Аялына каалган нерсесин кылууга мүмкүнчүлүк берүү, бул иштер боюнча эң зарыл учурдан башка учурда ага эскертүү бербөө.
  • Өзүн кармай билүү, жубайына жакшы мамиле, көңүл бөлүү, махабат зарыл болуп жаткан учурда анын көңүлүн калтырып ачууланбоо, анткени бул сыпат эркектин жана күйөөнүн эң мыкты сапаттарынан болуп эсептелет. Бирок, бул аялына таптакыр эле унчукпай коюу, түнт болуу дегенди билдирбейт, анткени мындай мамиле аялын күйөөсүнөн алыстата турган нерсе жана ынтымакка алып келбейт.
  • Бир ишти кылуу, бир жакка баруу, бирөөлөргө бир нерсе берүү ж.у.с. маселелерде аялына кеңешип туруу жакшы нерсе.
  • Ачууланбоо, анткени ачуу акылды тумандатып, жамандыкка жол ачат. “Талак” сөзүн айта бербөө. Бул сөз эң зарыл учурда гана айтылат.
  • Аялынын туугандары жөнүндө сөз болуп калса, аларды жакшы сөз менен гана эскерүү, анткени жаман сөз – күнөө, мындан тышкары жаман сөз жубайлардын ортосунда араздашууга алып келет.
  • Милдеттерди аткарууда, күнөөлөрдөн сактанууда жана намаз окууда жубайына үлгү болуу.
  • Шариятта эркекке көп аял алууга уруксат деген жобону жамынып алып бөлөк аялдарга кароого болот деп тыйылган нерселерди карабаш керек. Көп аял алууга өзгөчө шарттарда жана шарияттын чегинде гана уруксат берилет.
  • Жумуштан үйгө кайтып келгенде, жалгыз өзүңдү эле чаарчап жаткандай сезбеш керек, анткени бул чатактын жана араздашуунун себеби болуп калуусу мүмкүн, өзгөчө үй-бүлөлүк жашоонун алгачкы учурунда. Кээде үй-бүлө эркектин демилгеси менен бузулат, анткени, кээ бир эркектер аялына күчүн көрсөтүү менен мамиле кылат же болбосо, эрки начар болуу менен аялын өтө көптүрүп жиберет. Бул экөө чектен тыш жагдайлар. Жакшысы адамдык өзгөчөлүктү эсепке алуу менен, эки жактын тең укуктары тебеленбей турган ортолукту тандаш керек жана ошондой эле үй-бүлөлүк жашоонун ийгилигин камсыздай турган бийик маданият жана адеп-ахлактуу болуш керек.
  • Аялы кылууга милдеттүү эмес маселелерде, ага өтө катуу талаптарды койбош керек. Анын моралдык тазалыгына көңүл буруу зарыл.
  • Аз нерсеге каниет кылуу, эгерде бул аз нерсе шариятта уруксат берилген болсо. Аялдын сулуулугу салыштырмалуу нерсе экендигин билүү (ар кимдин өзүнүн табити бар жана өзүнө жаккан нерсеге көңүл бурат) жана жубайынан кемчилик издебөө керек, тескерисинче анын маданиятынан, адеп-ахлагынан жагымдуу нерселерди табуу керек. Ал эми эгерде ошол учурда жубайынын бир нерсеси жакпай турган болсо, анын өзүңө жага турган жагын эстегиле.
  • Сенин максатың акыретте пайда алып келе турган нерсе болсун, эч качан бул дүйнөнүн рахатын издебеш керек.
  • Абийирдүү жубайын ар кандай жаман нерселерден сактоо, анткени жубайы күйөөсүнүн жашоо байлыгы болуп эсептелет. Аялын арам иштерден: ичкилик сатуудан, сүткорлуктан, уурулуктан жана каракчылыктан түшкөн каражат менен багууга тыюу салынат.
  • Күйөөсү аялын ыйманга, исламга, намазга шарият боюнча хайыз, нифастын, арам жана адалдын эмне экендигине үйрөтүүгө милдеттүү.
  • Эгерде аялынын мүнөзү өзгөрүлүп, өзүн туура эмес алып, күйөөсүнүн адилет талаптарына баш ийбей турган болсо, же көңүл коштуктан, же кайдыгерликтен намазын өткөрүп турса же жыныстык катнаштан баш тартса, күйөөсү шарияттын көрсөтмөлөрүнө ылайык Курандын жана хадистин талаптарын жумшак түшүндүрүп, анын күйөөсүнө баш ийбей коюусу күнөө болоорун жана баш ийип туруу чоң сооптуу экендигин айтып берүү керек.

 

 Аялдын күйөөсүнө болгон мамилеси жөнүндө.

 

Аялдардын күйөөсүнө болгон милдеттери бар. Биринчиден, ал күйөөсүнүн жыныстык талаптарын кайсы учурда болбосун ал суранганда канааттандырууга милдеттүү (албетте, эгерде буга олуттуу себептер болбосо).

Экинчиден, аялы күйөөсү жактырбай турган адамдарды  (эгерде күйөөсү мурда булар жөнүндө кабарлап койгон болсо), үйүнө киргизбеш керек, эгерде алар   аялдын туугандары.

Аялдын үчүнчү милдети – күйөөсүнүн сырын жашыруу.  Ал эч качан бирөөлөргө үйдө болуп жаткан нерселер жөнүндө айтпаш керек, өзгөчө бул күйөөсү менен болгон жыныстык катнашка байланыштуу болсо. Мындай нерселерди ачыкка чыгаруу исламдык укукту олутту бузгандык болуп эсептелет.

Төртүнчү , ошол коомдун кабыл алган салттарына ылайык милдеттер. Алар ар бир коомдо өзүнчө болот, мисалга шаарда жашаган үй-бүлө менен элетте жашаган үй-бүлөнүн милдеттери сыяктуу.

Бешинчи, ар бир үй-бүлөдө кабыл алынган жекече милдеттер. Алар ар бир үй-бүлөнүн өзүнүн милдеттери, күйөөсү жана аялы аларды өздөрүнүн каалоосу менен орнотот.

Талак маселеси

Алла Таала жубайларга бири бирин сүйүп урматтап, тынчтыкта, бири бирине жакшы мамиле кылып жашоого өкүм кылган. Бирок, биргелешип жашоонун сыноолорун жана кыйынчылыктарын жубайлардын бардыгы эле көтөрө бербейт.  Жубайлардын ортосунда ар дайым эле сүйүү жана өз ара түшүнүшүү боло бербейт жана көпчүлүк учурда биргелешип жашоого мүмкүн болбой ажырашуудан башка арга калбай калат. Мындай учурда Ислам шариятында ажырашуу каралган. Ажырашуу үчүн эркек өзүнүн аялына талак берет. Бул учурда эркек талакты берүүчү, ал эми аялы талакты алуучу сыпатында  болот.

Ажырашуу кантип иш жүзүнө ашырылат?

Күйөөсү аялына ажырашуу сөзүн айтат, мисалга: “Мен сага талак бердим же мен сени менен ажыраштым, же сен ажыраштың ж.у.с.”  деген сөздөрдү айтат. Мына ушул сөздөр айтылган соң жубайлардын ортосунда нике бузулат жана талак түшөт. Мындайча айтканда, шарият боюнча  бир талак түшөт. Ажырашуу үчүн ушул сөздөр же бир жолу айтса жетиштүү. Күйөөсү үч талакты чогуу айтпасын, аялы да үч талак бер деп талап кылбасын.

Талакуль-бидъат – талактын бул түрү тыюу салынган жана күнөө болуп эсептелет. Талактын бул түрүнүн ар кандай варианттары бар:

  1. Бир учурда үч же эки талак берүү, мисалы; сага үч талак бердим же сага талак, талак, талак бердим, деп талак сөзүн үч жолу айтуу.
  2. Бир учурда эки талак айтуу мисалы; сага эки талак бердим же сага талак бердим, талак бердим деп талак сөзүн эки жолу айтуу;

3.Үч талакты же эки талакты  бир тазалыктын ичинде бир сөз менен берүү, аялдын айыз учурунда талак берүү. Бул учурда айткан талагы талак болуп эсептелет жана берген адам күнөөкөр болот.

Талак  маселесиндеги туура эмес түшүнүктөр.

Азыркы учурда талак боюнча кенири таралган жаңылыштыктар бар. Дин маселелери боюнча адеп-ахлактык тарбиянын начардыгы жана сабатсыздык талак жөнүндө туура эмес түшүнүккө алып келүүдө. Төмөндө ошолордун кээ бирөөлөрүнөн мисал келтире кетебиз.

Туура эмес түшүнүк: Адамдар   талак сөзүн үч жолу айтмайынча  талак түшпөйт деп эсептешет. Бул жубайлардын кайрадан некелешүүсүнө таптакыр мүмкүндүк бербей турган туура эмес ката түшүнүк. Бул ачык адашуу. Аялы күйөөсүнөн үч жолу талак айтуусун талап кылуусу же күйөөсү үч талакты бир сөз менен бир мезгилде берип салуусу менен  үч талак түшүп калат. Натыйжада жубайлар кайра никени жаңыртып бирге  жашоого таптакыр жол калбай калат.

Туура эмес түшүнүк: Кээ бир эркектер талакты күнүмдүк турмушта эрди катын урушканда аялын сөгүүчү же урушуучу сөз катары колдонуп жүрүшөт. Аял эркек уруша кетсе же кызганганда же кимдир бирөөгө өчөшүп дароо эле үч талакты берип салуу туура эмес. Бул учурда үч талак түшүп, кайра жарашууга болбой калат. Ажырашуу үчүн бир талак жетиштүү, үч талак берүү зарыл эмес. Аллах Таала эркекти эрктүү, аялга караганда күчтүү, сабырдуу  деп талактын тизгинин эркекке берген. Ошондуктан эркектер эрктүү, сабырдуу болуп шарияттын маселелерин окуп, үйрөнүп талак сөзүнө этият болуулары зарыл.

Туура эмес түшүнүк: Адамдар ачык сөздөр менен талак айтканда,  ажырашуу ниети болбосо эч кандай талак түшпөйт деп эсептешет. Бул дагы ачык адашуу, анткени жогоруда белгиленип кеткендей, ачык талактын түшүүсү үчүн ниет милдеттүү шарт болуп эсептелбейт. Берилген талак айтылуусу менен күчүнө кирет.

Туура эмес түшүнүк: Көптөрү талак күнөө жана бул сөздөрдү таптакыр айтууга болбойт деп ойлошот.  Бирок бул андай эмес. Талак бул жакшы амал эмес, бирок, олуттуу себептер болсо ажырашуу (талак) күнөө болуп эсептелбейт, кээ бир учурларда ал сунуш кылынуусу да мүмкүн. Албетте, эч кандай себеби жок талак берүү, бул аялына зулумдук кылууга жатат. Талактын оң да терс да жактарын туура түшүнүү керек. Туура чечим кабыл алуу үчүн илимдүү адамдарга (аалымдарга) кайрылуу зарыл.

Гусул

Гусул — бул бүткүл денеге суу жеткирип жуунуу тазалануу дегенди түшүндүрөт. Тазалануу эки түрдүү болот. 1. Жунубдуктан тазалануу (гусул алуу).  2. Даарат алуу. Инсан кайсы бир себептер менен гусул алуу важиб болуп калган учурду жунубдук (таза эмес) абал деп айтылат. Гусул алуу үч абалда фарз болот. 1. Жыныстык мамиле болгондон кийин. 2. Адам уйкуда түшүркөп, жунуб болгондо. 3. Аялдардын айызы жана нифасы (төрөттөн кийинки каны) токтогондон кийин.

Гусулдун үч парзы бар. 1.оозду жууганда суу тамакка толук жетиш үчүн гар-гара кылып чайкоо. 2. Мурунга терең суу тартып, ачыштыра  чайкоо. 3.  Бүткүл денени бир жерин калтырбай суу жеткирип, мүчөлөрдү жуу.

  Айыз (этек кир)

Аялдарга тиешелүү болгон кан үч түрдүү болот, алар; айыз, нифас (төрөттөн кийинки кан), истихаза (оору себептен келген кан).

Айыз – балагатка, тактап айтканда дене мүчөлөрү жетилген учурда аялдын жатынынан келе турган кан. Бул кан белгилүү мөөнөткө келет, эң аз мөөнөтү 3 күн, эң көп мөөнөтү 10 күн болот.

Аялдарга айызы келип турган учурда намаз окуу, орозо кармоо, мечитке кирүү, Каабаны таваф кылуу (айлануу), Куранды сырт капсыз кармоо, Куранды жатка же карап окуу, жыныстык катнаш кылууга болбойт.

Айыз убагындагы калган намаздардын казасы окулбайт. Ал эми рамазан айынын орозосунун калып кеткен казаларын канча күн болсо, ошончо күн кармап берет.

Айыз абалында аялы менен жыныстык мамиле кылууга тыюу салынат.

Айыз учурундагы аял менен сүйлөшүүгө, бир дасторкондо тамактанууга аны менен бир төшөктө жатууга болот. Ошондой эле айыз учурунда нике окууга дагы уруксат берилет. Ошондуктан айыздары той күнүнө туш келген келиндердин никеси окула берет, тою да улана берет. Бирок жыныстык жакындык айыз бүткөндөн кийин гана болот.

Нифас (төрөттөн кийинки кан)  

Боюнда бар аял перзентин төрөгөндөн  кийин келе турган кан нифас каны деп аталат. нифастын эң аз мөөнөтүнө чек жок, ал эми эң узак мөөнөтү кырк күн болот. Ал эми кырк күндөн кийин келген кан истихаза деп аталат.

Нифас көргөн аял да айыз көргөн аял сыяктуу кээ бир диний ибадаттарын убактылуу токтолуп турат. Мисалы;  намаз окуу, орозо кармоо, мечитке кирүү, Каабаны таваф кылуу (айлануу), Куранды сырт капсыз кармоо, Куранды жатка же карап окуу, жыныстык катнаш кылуу.

Истихаза (оору себептүү келген кан)

 Истихаза- бул аялдын жатынынан оору себептүү келе турган кан. Мисалы;  айыздын эң аз мөөнөтү 3 күн, ага жетпей токтоп калса же эң көп мөөнөтү 10 күн андан ашып кетсе анда мындай кан истихаза каны болот жана эч кандай ибадатты токтотпойт. Нифастын эң көп мөөнөтү кырк күндөн ашып кетсе анда ошол кан дагы истихаза болуп эсептелет.

Аль-Идда деген эмне?

Идда – бул ажырашуунун себебинен (талактан) же күйөөсүнүн өлгөнүнө байланыштуу аялдын милдеттүү түрдө  экинчи турмушка чыкканга чейин белгиленген, күтүү мөөнөтү. Аялга бул мезгилдин ичинде күйөөгө чыгууга тыюу салынат. Идданын мөөнөтү идданын түрүнө жараша ар кыл болот.

1.Айыз көргөн аялга үч айыз мөөнөтү. Идданын бул түрү «иддатут-талак» деп аталат.

2.Айызы токтогон аялдын иддасынын мөөнөтү үч ай.

3.Күйөөсү өлгөн аял үчүн идданын мөөнөтү, эгерде анын боюнда болбосо, төрт ай он күн. Идданын бул түрү «иддатуль-вафат» деп аталат.

4.Эгерде аял кош бойлуу болсо, анда анын иддасынын мөөнөтү төрөгөнгө чейин.

Нафака деген эмне?

Нафака – бул камкордун өзүнүн камкордугундагыларга сарптаган чыгымдары. Шарият боюнча эркек адам өзүнүн никесиндеги  аялын же аялдарын же никеден төрөлгөн балдарын багууга милдеттүү. “Нафака” термини бойго жеткен балдарынын карыган ата энелерин же колунда жок бир туугандарын, эже-карындаштарын  камсыздоо үчүн чыгымдаган акча каражаттарын да билдирет. Мындайча айтканда, шарият боюнча адам багууга милдеттүү болгон адамдарды материалдык каражаттар менен камсыздоону билдирет.

Күйөөсү аялын эмнелер менен камсызоо керек?

Күйөөсү аялын үй-жай, тамак-аш жана кийим-кече менен камсыздоого милдеттүү.

Аялды багууга байланыштуу шарияттын кандай өкүмдөрү бар?

Төмөндө шарияттын ушуга байланыштуу негизги өкүмдөрү келтирилет:

1.Шариятка ылайык күйөөсү аялын ал мусулман болсун же Китеп ээлеринен болсун, эгерде ал күйөөсү менен бирге жашай турган болсо (эгерде ал өзүн толук күйөөсүнүн ыктыярына өткөрүп берген болсо),  камсыз кылууга милдеттүү. Жогоруда айтылгандай ал үй-жай, тамак-аш жана кийим-кече менен камсыз кылууга милдеттүү.

2.Эгерде аялы күйөөсүн укпай, аны менен бирге жашабай турган болсо, анда аялы өзүн толук анын ыктыярына өткөрүп берип, бирге жашоо үчүн анын үйүнө бармайынча күйөөсү аны камсыз кылууга милдеттүү эмес.

3.Эгерде аялы күйөөсү махрын төлөп бербегендиги үчүн анын үйүнө жашоого барбай жаткан болсо, анда күйөөсү аны багууга милдеттүү.

 

Даярдаган: КМДБнын фатва бөлүм башчысы Равшан ажы Эратов.