Ырайымдуу жана боорукер Аллахтын аты менен.
Аллахка алкыш жана соңунан пайгамбар келбей турган затка дуа жана саламдар болсун! Амма баъд:
Аалымдар орозону төмөнкү төрт нерсе ачып жиберүүсүнө келишим кылышкан
1. Жеш
2. Ичүү
3. Жыныстык катнаш
4. Хайз жана нифас
«Орозону бузуучу заманавий факторлор» делингенде, жаңы пайда болгон нерселер түшүнүлүп, алар төмөнкүлөр:
Биринчи фактор: дем кысылуусуна каршы оозго чачылуучу дары:
Бул дары суюк болуп, үч элементтен турат: суу, кислород жана кээ бир медициналык элементтер.
Ушул дары орозону бузабы же бузбайбы?
Жаңы доордун аалымдары бул жаатта түрдүүчө пикир жүргүзүшөт:
1. Ал орозону бузбайт. Бул көпчүлүк аалымдардын сөзү, ошондой эле дайым фатва берүүчү фатва комитетинин фатвасы.
اللجنة الدائمة للبحوث العلمية والإفتاء
А) анткени, орозо кармаган адамга ооз жана мурунду чайкоо мүмкүн. Белгилүү болгондой, ооз чайкагандан соң маалым бир өлчөмдөгү суу ооздо калып кетет жана ошол суунун калдыгы ооздогу шилекейди жутуу аркылуу ашказанга кирип барат.
Б) так ушундай эле дем кысылганга каршы чачылган дары да адегенде өпкө соң ашказанга жетип барат жана бул өтө аз өлчөмдө болот. Ошондуктан аны да ооз чайкагандан соң калып кеткен сууга салыштырылат.
Буга себеп, бир кичинекей дары чачуучу прибордун (сальбутамол) ичинде 10 мг. суюктук болуп, ал 200 жолу чачууга болжолдонгон болот. Бир жолу чачылганда болсо, 0,5 мг. суюктук ажырап чыгат жана бул өтө аз өлчөмдү түзөт.
В) ошол прибордон себилген дарынын ашказанга жетип баруусу анык эмес балким анда күмөн бар. Андыктан орозо бузулбайт, себеби фикхий эреже боюнча, анык бар нерсе күмөн менен жокко чыгарылбайт.
Г) бул жеп-ичүүгө кирбейт балким анализ үчүн кан алуу же кубат бербей турган уколь алууга окшойт.
Д) медиктер мисвакта сегиз түрдүү химиялык элемент бар экендигин айтышкан. Ал эми орозо кармаган адамга мисвак иштетүү күндүз күнү да уруксат берилген. Эч шек күмөнсүз мисвакдагы химиялык элементтер ашказанга жетип барат. Демек, прибордон себилген дары мисвактан ажырап чыккан химиялык элементтер сыңары орозого зыян бербейт.
Экинчи пикирге караганда: орозо кармаган адам ал дарыны колдонуусу мүмкүн эмес. Эгер өзүнө башка чара таппаса ал дарыны себет жана кийинчерээк сакайып кеткенден кийин бир күнүнө бир күндөн казасын кармап берет.
Бул пикирдин ээлеринин далилдери: мына ушул прибордун ичиндеги суюктук ашказанга ооз аркылуу кирип барат жана орозону бузат.
Экинчи пикирге каршы жооп: эгер ошол суюктукту ашказанга жетип баруусуна толук ишенилсе да, анчалык өлчөм жогоруда айтканыбыздай өтө аз жана анын өкүмү ооз чайкагандан кийин калып кеткен суунуку менен бирдей болот. Ошондуктан, биринчи пикирди аалымдар экинчисинен күчтүү деп белгилешкен жана орозонун бузулбастыгына өкүм кылышкан.
Экинчи фактор: тилдин астына салынуучу таблеткалар: жүрөк пристубун дабалоо үчүн тилдин астына салынуучу таблеткалар болуп, алар заматта эрип кетет жана кан аркылуу жүрөккө жетип барат натыйжада пайда болгон жүрөк пристубу токтойт.
Ушул таблеткалардын өкүмү: орозо кармаган адам үчүн аларды колдонуу уруксат, себеби алардан эч кандай нерсе курсак боштугуна жетип барбайт балким ооздун өзүндө эрип кетет да орозону бузбайт.
Үчүнчү фактор: ашказанды көрүүчү медициналык күзгү:
Ал медициналык жабдуу болуп, ооз аркылуу адегенде алкым андан кийин өпкө соң ашказанга өтүп барат.
Андан көздөлгөн максат: ошол жабдуу ашказандагы жараны көрсөтөт же ал аркылук ашказандын кээ бир бөлүктөрүндө операция өткөрүлөт жана булардан башка саламаттыкты сактоо максаттарында колдонулат.
Жогорудагы аалымдар бул боюнча мындай дешкен:
Фикхий маселелердин баянында: орозо кармаган адамдын курсак боштугуна азык болуучу нерселерден башка нерселер маселен: майда таштар же темир бөлүктөрү жана башка ушул сыяктуу нерселер кирсе жана медициналык күзгү да мына ушулардын түркүмүнөн орозону бузабы?
Аалымдардын көпчүлүгүнүн пикиринде: бул нерсе орозону ачып жиберет. Тагыраак айтканда курсак боштугуна кирген ар кандай нерсе орозону бузат. Бирок ханафий мазхабында курсак боштугуна кирген ар кандай нерсе ошол жерде орношуп калып кетсе гана орозону бузат деп шарт кылынган, калган мазхабтарда болсо, мындай шарт коюлган эмес. Ханафий мазхабында болсо, бир нерсени жипке байлап анан аны ашказанга түшүрсө жана бир аздан соң аны кайра тартып чыгарып алса орозо бузулбайт.
Жогорудагы аалымдардын далили: Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) орозо кармаган адамга сурма коюуудан сактанууну буюрган. Андыктан, жогоркудай медициналык күзгү көптөгөн факихтердин пикиринде орозону бузат. Ханафий мазхабында болсо бузбайт. Анткени ал ашказанда калып кетпей чыгарып салынат.
Экинчи пикир: мындай азык болбогон нерселер орозону бузбайт. Маселен темир же таш бөлүктөрүн жутуп ийсе орозо бузулбайт. Бул кээ бир ханбалий жана маликий мазхабтарынын өкүлдөрү ыктыяр кылган нерсе.
Буга себеп, Куран жана сүннөттөгү далилдерге көрө орозону азык болуучу нерселер бузат. Жогорудагы сурмадан сактануу жөнүндөгү хадис заиф хадис. Ошондуктан, мындай медициналык күзгү орозону бузбайт.
Бирок ошол күзгүгө анын ашказанга кирүүсү жеңил болуусу үчүн азык болуучу май сүйкөлсө өкүм өзгөрөт жана мындай абалда жутулган медициналык күзгү орозону бузат.
Төртүнчү фактор: мурунга тамызуучу дарылар, алар орозону бузабы?
Кийинки доордун аалымдары бул жаатта эки түрдүү пикир жүргүзүшөт.
Биринчи пикир: андай тамызуу орозону бузат. Алардын далили: Лакит ибн Сабура риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) ага «Гусл кылып жатканыңда мурунуңдун ичине толук суу жеткиргин бирок орозо болсоң андай кылба» деген.
Демек, Пайгамбарыбыздын (соллаллоху алайхи васаллам) сөзү көрсөткөндөй мурун ашказан үчүн бир жол. Андыктан, мурунга суу тамызуудан Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) да кайтарган.
Дагы Пайгамбарыбыздын (соллаллоху алайхи васаллам) мурунга сууну катуу тартуудан кайтаруусунун түпкүрүндө башка ар кандай нерсени ал аз болсо да мурунга киргизүүдөн тыйылганына далалат бар. Себеби, мурунга сууну катуу тартылганда кирген суунун өлчөмү да аз болот.
Экинчи пикирдин ээлери болсо: андай тамызуу орозону бузбайт дешет. Алардын далили: жогоруда ооз чайкагандан кийин калган сууга салыштырмалуу мурунга тамызылган тамчыдан ашказанга жетип барчусу өтө аз өлчөмдү түзөт.
Анткени, бир тамчы суу= 0.06 см. кубга тең.
Мындай өлчөмдөгү тамчы мурунга кирсе андан өтүп ашказанга жетип баруусу кыйын жана барганы деле өтө аз өлчөмдү түзөт. Ошондуктан анчалык өлчөм кечиримдүү.
Ошондой эле, негизги эреже боюнча орозо дурус. Анын бул жол менен бузулуусу болсо, шек-күмөндүү. Негизги эреже боюнча, орозо дурус бойдон калуусу, себеби анык нерсе күмөн менен жокко чыгарылбайт.
Ушул эки пикир тең кубатта барабар.
Ошондуктан этияттык үчүн мурунга дары тамызууда орозо бузулат деген пикирди кармануу максатка ылайыктуу болот.
Бешинчи фактор: мурунга чачылуучу дары:
Бул жааттагы талкуу да жогорудагы оозго чачылуучу дары сыяктуу орозону бузбайт.
Алтынчы фактор: оорууну сездирбөө (анестезия)
Ал бир канча түргө бөлүнөт:
1. Мурун аркылуу толук күн бою эмес балким бир канча сааттарга чейин жана инсандын бүт дене мүчөлөрүн эмес балким маалым бир бөлүгүн (местный анестезия) анестезия кылуу.
Оорулуу адам газдуу элементти жыттайт жана бул анын нерв тамырларына таасир өткөрөт, натыйжада эсин жоготот да эч нерсени сезбей калат. Бул орозону бузбайт. Себеби, мурунга кирген газдуу элемент тело эмес, ошондой эле ал азык да эмес.
2. Кытайлыктарга таандык болгон «местный анестезия»:
Бул курук ийнени теринин астына сезүү борборлоруна жиберүү менен амалга ашырылат. Натыйжада, ошол ийне ички секреция бездерин козгойт жана алар дененин курамында бар болгон морфий элементин ажыратып берет жана ушул жол менен оорулуу сезүү кудуретин жоготот.
Мындай анестезия дененин бүт бөлүгүнүн сезүү кудуретин эмес балким маалым бир бөлүгүнүн сезүү кудуретин жоготсо орозону бузбайт. Анткени, мындай усул колдонгондо курсак боштугуна эч кандай элемент кирип барбайт.
3. Эмдөө (шприц) аркылуу местный анестезия кылуу:
Бул тез таасир кылуучу дарыны шприц аркылуу кан тамырга жиберүү менен амалга ашырылат. Натыйжада, оорулуу адам саналуу секунддарга оорууну сезбей турат. Бул да местный болуп, курсак боштугуна жетип барбаса орозону бузбайт.
4. Толук анестезия, инсандын бүт денесинин сезүү кудуретин токтотуу.
Бул жаатта да аалымдар түрдүүчө пикирде болушкан. Мурунку аалымдар эси оогон адамдын орозосу бузулабы?, деген суроонун үстүндө талкуу жүргүзүшкөн жана мындай эсин жоготуу сөзсүз эки абалдын бири болот.
1. Орозо кармаган адам күндүздүн бүт бөлүгүндө (күн бою) эсин жоготуусу жана күндүздүн эч бир бөлүгүндө да өзүнө келбөөсү. Көптөгөн аалымдар мындай абалдагы адамдын орозосу дурус деп эсептелинбейт дешкен.
Буга далил: Пайгамбарыбыздын (соллаллоху алайхи васаллам) хадиси кудсийде «Адам баласынын бардык кылган амалдары өзү үчүн бир гана орозо андай эмес. Анткени орозо мен үчүн жана мен ага ылайыктуу сыйлыкты өзүм беремин. Себеби пендем күн бою мен үчүн тамактануу жана шахваттан өзүн өзү тыят» деди. Ушул хадисте тамактануу жана жыныстык катнаштан тыйылууну орозо кармаган адамдын өзүнө калтырылып жатат. Эсин жоготкон адамга бул маани туура келбейт. Тагыраак айтканда эсин жоготкон адам бул амалдардан өз ыктыяры менен тыйылбады, ошондуктан ал орозо кармады делинбейт.
2. Күн бою эмес балким күндүздүн маалым бир бөлүгүндө эсин жоготуу. Бул болсо талаштуу орун.
Ал адам күндүздүн бир бөлүгүндө өзүнө келсе анын орозосу дурус.
Бул имам Ахмад жана имам Шаафиъийлердин сөзү. Имам Маликтин сөзүнө караганда, анын орозосу таптакыр дурус эмес. Имам Абу Ханифанын сөзүндө болсо, эсин жоготкон адам шарият күндүзүнүн жарымына чейин (күндүз экиге бөлүнөт: шарияттагы күндүз жана үрптөгү күндүз болуп: шарияттагы күндүз фажрдан (таң жүргөндөн) баштап күн батканга чейин, ошондуктан орозо ушул аралыкта кармалат. Ал эми үрптөгү күндүз болсо күн чыккандан күн батканга чейин) өзүнө келсе кайрадан орозо кармоого ниет кылат жана анын орозосу дурус болот. Анткени, орозого ниет кылуу шарият күндүзүнүн жарымы өтө электе жүзөгө келсе анан орозо дурус болот. Андыктан, медициналык жактан эсин жоготуудагы өкүм да табигый жактан эсин жоготууга окшотулат жана экөөнүн өкүмү бирдей болот.
Жетинчи фактор: кулакка дары тамызуу:
Курамы медициналык элементтерден турган дарыны кулакка тамызылса орозо бузулабы же жокбу?
Мурунку өткөн аалымдар «орозо кармаган адам кулагына суу тамызып өзүн дабалоосу» жөнүндөгү маселеде талкуу жүргүзүшкөн.
Алардын көпчүлүгү: ал адамдын орозосу бузулат дешкен.
Ханбалий мазхабында: кулакка тамызылган суу качан гана дымакка жетип барса орозону бузат дешкен.
Экинчи пикир: орозо бузулбайт жана буга себеп: кулакка тамызылган нерсе дымакка жетип барбайт, жетип барса да түздөн-түз эмес балким денедеги тешиктер аркылуу барат.
Заманавий медицинанын айтуусу боюнча: кулак менен дымактын ортосунда суюктукту өткөрүп жиберүүчү жол жок. Болгону бир абалда гана болуусу мүмкүн. Кулактын пардасында тешик пайда болсо, ошондо гана кулакка тамызылган суу дымакка өтүүсү мүмкүн. Ошондуктан, кулак пардасы бүтүн болгон абалда ага кандайдыр бир дары тамызуу менен орозо бузулбайт.
Маселе: кулак пардасында тешик болсо, ага дары куюунун өкүмү мурунга дары куюунун өкүмү менен бирдей болот. Ал жогоруда баян кылынды.
Сегизинчи фактор: кулакты жуу:
Мунун өкүмү да кулакка дары тамызуу менен бирдей. Бирок аалымдар кулактын пардасында тешик болсо жана аны жууганда кулактын ичине кирүүчү суунун өлчөмү көп болгондугунан орозону бузат дешкен. Демек, кулакты жуу экиге бөлүнөт.
1. Пардасы бүтүн болсо орозо бузулбайт.
2. Кулактын пардасында тешиктер болсо ичкериге кирген суунун өлчөмү көп болгондугу себептүү орозо бузулат.
Тогузунчу фактор: көзгө дары куюу:
Бул жаатта да кийинки доордун аалымдары түрдүүчө пикир билдиришкен жана бул да жогорудагы талаштар себептүү. Көзгө сурма койгондо орозо бузулабы?
Биринчи пикир: орозо бузулбайт жана бул ханафий жана шаафиъий мазхабтарынын сөзү. Буга далил: көз менен курсак боштугу арасында жол болбойт, ошондуктан орозо кармаган адам көзүнө сурма койсо орозосу бузулбайт.
Экинчи пикир ээлери: маликий жана ханбалий мазхабындагылар: сурма коюу орозону бузат дешкен. Себеби алардын сөзүндө: көз менен курсак боштугунун арасында жол бар. Ошондуктан, кийинки доордун аалымдары көзгө дары тамызуу маселесинде эки тарап болушкан.
Биринчи пикир: көзгө дары куюу орозону бузбайт, буга себеп: бир тамчы дары 1 см. кубдан = 0.06 га тең болуп, бул өлчөм эч качан ашказанга жетип барбайт. Анткени, бул дарынын тамчысы көз жашынын жолунан өткөн учурда бүтүндөй сиңип кетет да тамакка жетип барбайт.
Эгер ашказанга жетип барат десек да, жетип барган өлчөм өтө аз жана мындай деңгээлдеги аз өлчөм кечиримдүү. Бул куду ооз чайкагандан соң калган суунун өлчөмүнө салыштырылат. Ошондой эле, көзгө дары тамызуудан тыйылган шаръий далил жок.
Экинчи пикир: ал сурма сыяктуу орозону бузат.
Туурасы көзгө дары тамызуу орозону бузбайт. Эгер медицина көз менен курсак боштугунун ортосунда мурун аркылуу жол бар экендигин далилдесе да, аз өлчөмдөгү дарынын тамчысы көз жашынын жолунан өтүү учурунда сиңип кетет жана натыйжада ал тамакка да жетип барбайт. Демек, ашказанга таптакыр жетип барбайт, эгер жетип барса өтө аз өлчөмдө барат да муну ооз чайкагандан соң калган сууга салыштырылып, кечирилет.
1. Көзгө сурма койсо орозо бузулуусуна шаръий далил жок. Жогоруда бул мааниде келтирилген хадис болсо заиф. Ал эми заиф хадис менен эч качан өкүм берилбейт.
2. Көзгө дары тамызууну сурма коюуга салыштыруу өкүмү бекем болбогон (заиф) талаштуу болгон нерсеге салыштыруу, бул таптакыр дурус эмес.
3. Жогоруда айтылган биринчи пикир ээлеринин далилдери сурма орозону бузбастыгына далил болууга жетиштүү.
Онунчу фактор: медициналык эмдөө (иньекция)
Бул төмөнкү бөлүктөргө бөлүнөт:
1. Теринин астына иньекция кылуу (дары жиберүү)
2. Булчуңдарга дары жиберүү.
3. Кан тамырларга дары жиберүү.
Булардын арасынан тери жана булчуңдарга инсанга кубат бербей турган дарыларды шприц аркылуу жиберүү жаңы доордун аалымдарынын сөзүнө көрө орозону бузбайт. Буга далил: негизги эреже орозонун дурустугу болуп, анын бузулуусу үчүн далил керек. Ошондой эле, ошол эмдөөлөр жеп-ичүү же алардын маанисиндеги нерсе тагыраак айтканда азыктануу деп эсептелинбейт. Бирок, кан тамырга берилген инсанга кубат берүүчү дарыларды жиберүү жөнүндө аалымдардын ортосунда талаш бар.
Биринчи пикир: ошол кан тамырга инсанга кубат берүүчү дарыларды жиберүү орозону бузат. Бул Ислам Фикхи Академиясынын чечими. Буга себеп: ушул дары жеп-ичүүнүн маанисинде, тагыраак айтканда азыктануу деп эсептелинет. Анткени, ошондой дарыны кабыл кылган инсан адатта тамактанууга муктаждык сезбейт.
Экинчи пикир: ал орозону бузбайт. Анткени, ал дары адаттагы жолдор аркылуу курсак боштугуна кирбейт. Кирген учурда да, теридеги тешиктер аркылуу барат жана бул курсак боштугуна кирбейт да анын өкүмүн албайт.
Акыйкатка жакын пикир: кан тамырга эмдөө орозону бузат. Себеби орозону бузулуусуна алып келүүчү фактор жалаң курсак боштугуна бир нерсенин кирип баруусу эмес, балким дененин азыктануусу жана бул ийне жолу менен амалга ашырылууда.
Маселе: кант диабети оорусуна чалдыккан адамдар кабыл кылуучу уколь орозону бузбайт.
Он биринчи фактор: теринин үстүнө сүйкөлүүчү май, крем жана маз дарылар.
Теринин астында кан тамырлар бар болуп, алар теринин үстүнө сүйкөлгөн нерсени түк жолдору аркылуу соро баштайт жана бул жараян өтө секин амалга ашат.
Ошондуктан, теринин үстүнө сүйкөлгөн нерсе орозону бузабы?
Мурдакы көпчүлүк факихтер бул нерсе орозону бузбайт дешкен. Ислам Фикхи Академиясынын чечими да ушундай. Кээ бирөөлөр бүгүнкү күндөгү бардык жаңы доордун аалымдары жогорку өкүмгө келишим кылышкан деп айтышат.
Он экинчи фактор: артерия-кан тамырга катетер куюуу:
Ал кан тамырга киргизилүүчү ичке шланга болуп, аны дары куюу же ичкерини көрүү максатында киргизилет.
Ислам Фикхи Академиясы ошол катетер орозону бузбастыгына өкүм кылган. Себеби, ал инсанга эч кандай азык бербейт жана экинчиден ашказанга да жетип барбайт.
Он үчүнчү фактор: бөйрөктү жуу: ал эки түрдүү жол менен амалга ашырылат:
1. «Жасалма (искуственный) бөйрөк-гемодиелиз» деп аталуучу аспаптын жардамында жуу. Бул инсандын денесиндеги бардык канды ошол аспапка тартып алып, соң ушул эле канды зыяндуу элементтерден тазаланат да канды кайрадан инсандын дегесине вена кан тамырлары аркылуу куюлат.
Кээде мына ушул жараяндын жүрүүсүндө кан тамырлардан инсанга азык болуучу дарыларды жиберип турууга мажбур болунат.
Экинчи ыкма: курсак кабыгы аркылуу амалга ашырылат:
Киндиктин үстүнөн курсак кабыгына кичинекей катетер киргизилет да курсактын ичине адатта 2 литр өлчөмүндөгү суюктук куюлат. Ошол суюктуктун курамы көп өлчөмдөгү канттуу глюкозадан турат. Жиберилген суюктук маалым бир мөөнөт өткөндөн соң, сордуруп алынат жана бул амал бир күндө бир канча жолу кайталанат.
Жаңы доордун аалымдары бул маселе жөнүндө талашууга барышкан. Ушул абал орозону бузабы же жокбу?
Биринчи пикир: бул абал орозону бузат. Бул дайымий фатва комитетинин фатвасы. Алардын далили: бөйрөктү жуу инсандын канын кошумча таза кан менен көбөйтүрөт жана кээде ага башка азык болуучу элементтер да жиберилет. Демек, бул жерде орозону бузууга себеп болгон эки фактор биригүүдө.
Экинчи пикир: бул абал орозону бузбайт. Далил: бул жөнүндө шаръий далил жок. Бирок, акыйкатка жакын болгон пикир биринчи пикир, орозо бузулат.
Маселе: кандын өзүн тазалоо орозону бузбайт бирок бөйрөктү жууда канды филтрлөө менен бирге ага кошумча катары туздар жана ошондой эле кээ бир азык болуучу элементтер да жиберилет. Ошондуктан бул абал орозону бузат.
Он төртүнчү фактор: аялдын жыныстык мүчөсү аркылуу куюлуучу дарылар:
Маселен: жатынды жуу орозону бузабы?
Аалымдар мурда да азыр да бул жөнүндө көп талкуу кылышкан:
Маликий жана ханбалий ошондой эле ханафий аалымдарынын кээ бирлеринин сөзүндө: аял киши алдынкы жынысынан суюктук тамызса орозосу бузулбайт. Себеби, аялдын жынысы менен курсак боштугунун ортосунда байланыштуулук жок.
Экинчи пикир кээ бир ханафий жана шаафиъийлерге тийиштүү болуп, ага көрө: муну менен аялдын орозосу бузулат. Алар өз пикирлерин куук менен жыныс ортосунда өз-ара байланыш барлыгы менен далилдешет.
Заманавий медицина аял кишинин жатыны жана анын курсак боштугу ортосунда эч кандай жол жоктугун аныктады. Ошондуктан, жатынга куюлган суу же дарылар орозону бузбайт.
Он бешинчи фактор: арткы чыгыш жолу аркылуу амалга ашырылуучу медициналык операциялар:
Бир канча саламаттыкты сактоо максаттарында амалга ашырылат. Алардан: ысытманы түшүрүү, геморрой сыяктуу оорууларды дабалоо жана башкалар.
Биринчи: арткы чыгыш жолун клизма кылуу: бул жөнүндө мурдакы аалымдар т.а. төрт мазхабтын жетекчилери клизма кылуу орозону бузат, анткени, ал курсак боштугуна кирип барат дешкен.
Экинчи пикирдин ээлери Захирийлер жана ханбалийлердин кээ бирлери болуп, аларга көрө: мындай абалда орозо бузулбайт. Себеби, ошол клизма эч кандай азык болбойт, балким курсактагы бар нерсени алып чыгат да бул дартты жеңилдетүүчү бир нерсени жыттаганга окшош. Мындан сырткары ошол суюктук ашказанга жетип барбайт.
Кийинки доордун аалымдары да бул жөнүндө жогорудагы талаштуу пикирлерге көрө түрдүүчө пикирге барышкан:
Арка чыгыш жолу менен ашказан ортосунда өз-ара байланыштуулук барбы?
Орозону бузат дегендердин сөзүнө көрө:
Бул жерде арка чыгыш жолу түз ичегиге уланат жана түз ичеги болсо жоон ичегиге уланган болот, ошондуктан орозо бузулат.
Он алтынчы фактор: арткы чыгыш жолдун күзгүсү:
Кээде дарыгер арткы чыгыш жолуна медициналык күзгүнү киргизет жана бул аркылуу ичегилерди текшерип көрөт. Бул жөнүндөгү шаръий өкүм жогоруда айтылган ашказанды текшерүүчү медициналык күзгү менен бирдей.
Он жетинчи фактор: инсандын денесине эркектердин жыныстык мүчөсү аркылуу кирүүчү эритме же дарылар:
Мына ушулар орозону бузабы?
Мурдакы аалымдардын бул жааттагы пикирлери:
Биринчи пикирдин ээлери ханафий, маликий жана ханбалий мазхабтарынын имамдары болуп, алардын сөзүнө көрө: ихлил-эркектин жыныстык мүчөсүнүн учунан суу тамызуу эгер куука чейин жетип барса да орозону бузбайт. Алардын далили: эркектин жыныстык мүчөсү менен курсак боштугунун арасында жол жок.
Экинчи пикир: бул шаафиъийлерге таандык болуп, ага көрө: орозо бузулат. Себеби, куук менен курсак боштугу арасында жол бар.
Заманавий медицина болсо: сийдик жолдору менен ашказан ортосунда эч кандай байланыштуулук жоктугун тастыктады. Ошондуктан, мындай абалда орозо бузулбайт.
Он сегизинчи фактор: кан берүү:
Бул кан алдыруу (хижама) маселеси менен байланыштуу болуп, кээ бирөөлөр кан алдыруу орозону бузат деп айтышкан. Бирок көптөгөн аалымдар ошондой эле ханафий мазхабынын өкүлдөрүнүн сөзүнө караганда: кан алдыруу орозону бузбайт. Туурасы да ушул. Бирок этияттык жүзөсүнөн орозо кармаган адам зарылдык болбосо кан бербегени макул.
Он тогузунчу фактор: анализ үчүн кан алуу:
Бул орозону ачпайт. Себеби бул нерсе хижамага кирбейт. Буга себеп хижама денени алсыздатат, анализ үчүн болсо, көп кан алынбайт.
Жыйырманчы фактор: тиш пастасы:
Тиш пастасы менен тиш жуу орозону бузбайт. Анткени ооз сырткы дене мүчөсү болуп саналат. Бирок орозо кармаган адам тиш пастасын ооз ачкандан соң же ооз бекитээрден мурда иштеткени жакшы. Себеби ал күчтүү таасирге ээ болуп, анын даамын кааласаң каалабасаң да татасың. Орозо кармаган адамдын бир нерсенин даамын татып көрүүсү макрух делинген. Андыктан орозо кармаган адам пастанын ордуна мисвак же щётканын өзүн иштеткени оң.
Эскертүү: жогорудагы айтылган фатвалардан ар бир мазхаб өкүлдөрү өздөрүнө таандык болгонуна гана амал кылышсын.
Бардык акыйкатты билүү Аллахка гана таандык.
Арабчадан которуп даярдаган Абибилла ажы Кадырбердиев