Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев мекендештерибизди Рамазан айы менен куттуктады

Урматтуу Кыргыз элим, жалпы Кыргызстандын жарандары жана мамлекетибиздин, борбор шаарыбыздын меймандары! Сиздерди Улуу Рамазан айынын кирип келүүсү менен чын дилимден куттуктайм!
Жараткан Алла Таала “Силерден мурунку өткөндөргө парз кылынган сыяктуу, силерге да такыба болушуңар үчүн саналуу күндөрдү орозо кармоо парз кылынды” (Бакара. 182). — деп ьйык Куранда эскертет.
Улуу Рамазан айы биз үчүн Жараткандын кечиримин алууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү шарттаган ай. Алла Таала Рамазан айына эселеп кут береке берип, аны «он бир айдын султаны» атаган. Андыктан Рамазан айында орозо кармоо жекелик жана коомдук ибадат болуп эсептелет. Алла Таала бир Хадиси Кудсиде “Адам баласынын орозодон башка ар кандай иштери өзү үчүн жасалат, орозо Мен үчүн жана анын сообун Өзүм берем”,-деди. Бул айда мусулман баласы күнөөлөрдөн тазалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондой эле коомдогу ажырымдын бүтөлүшүнө, ынтымактын бекемделишине, өнүгүп-өсүүгө көмөк болуп, кайрымдуулуктарды эселеп жасай турган ай. Бул улуу айда жасалган жакшылыктардын сообу башкача болуп, ашыгы менен берилет. Анткени пайгамбарыбыздын хадисинде: «Бул ай улуу берекелүү ай. Бул айда кадырлуу бир түн бар, ал түн миң айдан жакшыраак, Алла Таала бул айдын орозосун парз кылды. Түндө намаз (таравих) окууну нафил ибадат кылды. Ким бир жакшылык (нафил ибадат) менен Кудайга жакын болсо, орозодон башка күндөрү парзды аткаргандай сооп алат. Ал эми бир парзды аткарса, орозодон башка күндөрдө 70 парзды аткаргандап сооп алат»,- деп айтылган.

Улуу Рамазан айы бул Алла Тааланын пенделерине берген сыноосу. Кээде кышында, кээде ушундай ысык күндөрү парз кылат. Канчалык кыйынчылык менен боло турган болсо, ошончолук сообу, берекеси көп болот. Орозонун касиети орозо туткан адам күндүн ысыктыгынан чаңкаганга чыдап койсо, Жараткан Өзү ал адамды өлүмдүн чаңкоосунан, акыреттин чаңкоосунан сактаганга себеп кылат. Ошондуктан мусулман баласы Аллага болгон кулчулугун аткарып койсо, Жаратакандын сообу аябагандай көп болот. Орозо — бул ыймандын бекемделишине жогорку денгээлде салымын кошкон ибадат. Орозо жашоодо зарыл болгон сабыр, эрктүүлүк, напсилик арзуулардан оолак болууну үйрөтүү менен бирге адеп-ахлагыбызды көркүнө чыгарат. Андыктан күнөлөрдөн арылуу үчүн Аллага чын ыкластан ибадат кылып, Анын ыраазычылыгы үчүн орозо кармап, Азирети Пайгамбарыбыздын (Алланын салам дубалары болсун) осуяттарын жерге таштабай колунда жок мусулман боордошторубузга колдон келген жардамдын аябашыбыз керек. Пайгамбарыбыз Мухаммад (Алланын салам дубалары болсун) бир хадисинде орозолуу адамдар тууралуу мындай деген: “Орозолуу адамда эки чоң сүйүнүч бар. Бири-ооз ачып, тамактангандагы, экипчиси Жараткан Алла Таала менен жолугуп, туткан орозосу үчүн кубанган учуру. ” (Муслим)

Урматтуу мусулмандар! Алла Таала ар бирибиздин туткан орозолорубузду кабыл кылып, билип-билбей кетирген кемчиликтерибизди кечирип, кылган ибадаттарыбызды кемчилдиксиз кабыл кылсын. Мекенибизге тынчтык, ынтымак, токчулук берсин, ар бир үй-бүлөдө сүйүнүч, бактылуулук өкүм сүрсүн жана эки дүйнө бактылуулугун ар бирибизге насип кылсын!

Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин Рамазан айына карата расмий куттуктоосу

Опубликовано Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы Понедельник, 6 мая 2019 г.