Анкара: Кыргызстандык делегация Түркиянын билим берүү министрлигин зыярат кылышты

  Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов жана Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров баштаган делегация Түркиянын билим берүү министрлигин зыярат кылып, диний агартуу бөлүмүнүн башкы директору Ахмет Ишлейен менен …

Дальше »

Баткен казыятында иш кагаздарын санариптештирүү боюнча семинар болуп өттү

Үстүбүздөгү жылдын 23-24-декабрь күндөрү Баткен облусунун мусулмандарынын казыятынын кызматкерлери жана шаар, район баш имам-хатибдери үчүн иш кагаздарын электрондоштуруу боюнча окуу семинары өткөрүлдү. Семинарды Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын референт жана жалпы бөлүмүнүн адиси Медербек ажы Балтабаев …

Дальше »

Араванда «Зия» диний окуу борбору ачылып, күбөлүгү тапшырылды

Ош облусуна караштуу Араван районунда «Зия» диний окуу борбору ачылып, эсептик каттоодон өткөндүгүн тастыктоочу күбөлүгү тапшырылды. Аталган иш-чарага Ош облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков, ДИМК ТАБдын өкүлү Ильяз Маматкаримов, айыл өкмөт башчысы, …

Дальше »

Абдималик ажы Турсунбеков ОшМУнун БжМ факультетинин студенттерине лекция окуду

Ош облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков ОшМУнун БжМ факультетинин студенттери менен жолугушуп, коррупцияга жол бербөө боюнча өз баяндамасын жасады. «Ар бириңиздерди ата-энеңиздер окуп, өнөр үйрөнгөн, өз багыты боюнча мыкты адис болсун деген …

Дальше »

«Карыларды камкордукка алалы»: Бишкек шаарындагы 24/7 саат Куран саамалыгынан

Бишкек шаарындагы Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы Борбордук мечитте «24 саат Куран хатм» саамалыгы бир жылдан бери ийгиликтүү уланууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы Шакир ажы Маматов билдирди: «Өткөн жылы өлкөбүздө алгачкы жолу үзгүлтүксүз Куран …

Дальше »

Базар-Коргондо ысрапкорчулуктун алдын алуу маселеси талкууланды

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында хатибияттын демилгеси менен эл арасындагы ыксыз чыгымдарды жоюу, эрте никеге туруунун алдын алуу, үй-бүлө жана жаштар арасындагы зордук-зомбулук ж.б.у.с. маселелер талкууланды. Жыйынга Базар-Коргон райондук мамлекетик администрация башчысынын орун басары Асел …

Дальше »

Жалал-Абад: Жыл жыйынтыгы чыгарылып, мыкты баш имам-хатибдер аныкталды

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыяты облус аймагындагы бардык район-шаарлардын баш имам хатибдеринин 2024-жылы аткарган иштеринин отчётун кабыл алып, жыл жыйынтыгын чыгарды. Анда район-шаарлардан келген баш имам-хатибдердин жыл ичинде аткарган иштери фото-видео түрүндө көрсөтүлүп, алардын баяндамаларын КМ …

Дальше »

Каракол шаарында жол кыймылынын коопсуздугу боюнча жыйын өттү

2024-жылдын 23-декабрында Каракол шаарында ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо кызматы тарабынан «Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу көйгөйлөрү жана келечеги» аттуу жыйын өткөрүлдү. Иш-чарага шаар тургундары, жол коопсуздугу боюнча адистер, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ошондой эле …

Дальше »

Стамбул: Азирети Муфтий Ислам изилдөө борборун (ИСАМ) зыярат кылды

  Бүгүн, 23-декабрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров баштаган кыргызстандык делегация Стамбулдагы айтылуу Ислам изилдөө борборун (ИСАМ) зыярат кылып, жетекчиси профессор Муртаза Бедир менен жолугушту. Жолугушууда исламий илимдер жана динге илимий алкактан …

Дальше »

Стамбул: Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун иш сапары башталды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров жумушчу сапары менен боордош Түркия мамлекетинин Стамбул шаарына барды. Азирети Муфтий баштаган делегация иш сапарынын алкагында Түрк мамлекеттер уюмун (ТМУ) зыярат кылып, ТМУнун баш катчысы Өмүралиев Кубанычбек Касымовичтин …

Дальше »

Жети-Өгүздө «Эмират» кайрымдуулук фонду кайрымдуулук иш-чарасын өткөрдү

«Эмират» кайрымдуулук фонду Жети-Өгүз районунда муктаж үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүү максатында чоң кайрымдуулук иш-чарасын уюштурду. Фонддун жетекчиси, мурунку муфтий Рахматулло ажы Эгембердиев өнөктөштөрү менен биргеликте жардамдарды жеке өзү таратып, тургундардын абалынан кабар алды. Иш-чарада жалпысынан 100 …

Дальше »

Бишкек шаардык казыяты жыл жыйынтыгын чыгарды

Бишкек шаарынынын мусулмандарынын казыяты жыл жыйынтыгын чыгарып, жыл ичинде аткарылган иштерге сереп салды. Жыйынга Бишкек шаарынын казысы Шакир ажы Маматов, казынын орун басары Талантбек ажы Темирбаев, 4 райондун баш имам-хатибдери, 125 мечиттин имамдары катышты. Чогулушта …

Дальше »