Нарын медресесинин студенттери Ала-Мышык чокусун багындырды

Кечээ, 29-сентябрда Нарын медресесинин студенттери чет өлкөлүк туристтер көп баруучу Ала-Мышык тоосуна зыярат кылышты.

Окуу менен катар сергек жашоо мүнөзүн тандап алган студенттер алгач, спорттук оюндарды ойношуп, кийин деңиз деңгээлинен 3379 бийктикти түзгөн Ала-Мышык тоосуна анчалык бийик эмес жерине барышты.

Ал жака дээрлик бардык студенттер чыгышып, кыргыз жеринин кереметине дагы бир жолу суктанышып, эстелик үчүн сүрөткө түштү. Студенттерди табият менен таттуу мамиледе болуу максатында уюштурулган мындай экскурсия эми Нарын аймагынын башка жеринде уланмакчы.