Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитов өлкөбүздөгү жалпы мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Бүгүн 5-октябрь күнү Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитов өлкөбүздөгү жалпы мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, талыкпас мээнет жана иштерине албан-албан ийгиликтерди каалады.

Өз сөзүндө: «Ар бир кесип ардактуу, бирок мугалимдик кесип талыкпас мээнет, сабырдуулук жана туруктуулукту талап кылган өзгөчө кесип болуп эсептелет. Пайгамбарыбыз Мухаммад (САВ) өз сөзүндө — Силердин эң жакшыңар Куранды үйрөткөн жана үйрөнгөнүңөр-деп баса белгилеп өткөн. Азирети Али сыяктуу «Илимдин дарбазасы» аталган улуу сахабалар да «Мага бир тамга үйрөткөн адамга өмүр бою кызмат кылууга даярмын»-деп илим үйрөтүүнүн өтө маанилүү экендигин айткан. Ошондуктан бул кесип ар дайым ардактуу болуп келе бермекчи. Урматтуу мугалимдер! Баарыңыздарды майрамыңыздар менен куттуктаймын»-деди.

Бишкек шаарында диний багытта окуткан 9 медресе, 1 универсиетет жана 1 институт бар.