Кара-Суу райондук хатибияты жардамга муктаж 210 үй-бүлөгө 315 000 сомдук жардам көрсөттү

Ош облусунун  Кара-Суу районунун борбордук “Достук” мечитинде Кара-Суу райондук хатибияты тарабынан 2018-жылдагы чогулган орозо-фитирдин эсебинен турмуш шарты оор, мүмкүнчүлүгү чектелген жана жардамга муктаж делген 210 үй-бүлөнүн ар бирине 1500 сом  өлчөмүндө жалпысы 315 000 сом акчалай жардамдар тапшырылды. Аталган жардамдарды тапшыруу иш-чарасына Кара-Суу районунун башкы имам-хатиби Абдирашит кары Батыров, хатибият кызматкерлери жана райондун аймагынан келген мечит имамдары да катышышты. Жардамды тапшыруу учурунда райондун башкы имам-хатиби  Абдирашит кары Батыров бардык жардамга муктаж жарандарды турмуштагы келген сыноолорго сабырдуу болуп, Алла Талаадан дайыма жакшылыкты үмүт кылууга чакырып, райондук хатибият бардык муктаж бир туугандарга дайыма жардам берүүгө даяр экендигин билдирди. Ошондой эле  гуманитардык жардамга муктаждарды тандап алууда райондун аймагындагы ар бир айылдан бирден социалдык абалы оор, жетим-жесир, тоголок жетим, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, көзү азиз жана кароосуз калган жарандар имамдардын жардамы менен тизмеге киргендигин белгиледи. Өткөрүлүп жаткан саамалыкка бардык жардам алган жарандар ыраазычылыгын билдиришити. Ал эми мечит имамдары хатибияттын бул ишин бардык дин кызматкерлерине үлгү экендигин белгилешип, жер-жерлерде кайрымдуулук иштерди күчөтүү боюнча милдеттенмелерди алышты. Иш-чаранын соңунда райондун аймагындагы медреселерге 5000 сомдон акчалай жардамдар тапшырылды.

Эскерте кетсек, Кара-Суу райондук хатибияты тарабынан 2018 – жылдагы  Рамазан айындагы орозо-фитир садакасын Кара – Суу  районунун жалпы аймагы боюнча 2 651 684 сом чогултуп, 2017 – жылга  салыштырмалу 650 584 сомго көп чогултушкан.