Пазыл ажы Султанмуратов: «Текебер адам куш сыяктуу»

Баткен облусунун мусулмандар казысы Пазыл ажы Султанмуратов бүгүн, 9-июлда Баткен шаарындагы «Нумани»  атындагы  борбордук мечитинде  жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, «Текеберчилик жана кичипейилдик» темасында Куран жана хадистердин негизинде  баяндама жасап, текебер адам куш сыяктуу болуп, канчалык бийиктеген сайын адамдарга кичине болуп көрүнө баштай тургандыгын айтып берди.

Текеберчилик Жаратканга  жакпаган сыпат. Текеберчиликти тунук рухий баалуулуктарды үйрөнүү аркылуу  жою керек. Инсан канчалык даражасын төмөн кылса Алла Таала анын кадырын жогорулатат,-деди Пазыл ажы Султанмуратов.