Нарын шаарында «Ыйман кечеси» белгиленди

Нарын облустук музыкалык драма театрында Нарын казыяты жана «Адеп Башаты» диний уюмунун Нарын облусундагы филиалы тарабынан уюштурулган «Ыйман кечеси» аттуу 2 күнгө созулган иш-чара болуп өттү.

Куран окуу жана салават айтуу менен башталган иш-чарада алгач Нарын шаардык мэриясынын өкүлү куттуктоо сөзүн сүйлөп, уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди. Андан соң элди таалим-тарбияга, улууну урматтап, кичүүнү ызаттоого чакырган сценкалар коюлуп, диний ырлар окулду.

Аталган иш-чарага Нарын облусунун казысы Мамбетасан ажы Ибраев, «Адеп Башаты» диний уюмунун Нарын облусундагы жетекчиси Өмүрбек Бекташов катышып, алар Ислам дининин асыл баалуулуктары жана Пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в.) тууралуу баяндамасын айтып, элди ынтымакка, биримдикке чакырышты.

Ал эми Бишкек шаарынан келген акындар өз өнөрлөрүн тартуулашты. Кеченин алкагында тамак-аш, китеп жармаңкелери уюштурулуп, каалоочулар өздөрү кызыккан китептерди дагы сатып алышты.

Эскерте кетсек, «Ыйман кечеси» жыл сайын өткөрүлүп келет. Кеченин негизги максаты жаштарды адептүүлүккө үндөп, ата-энени урматтоого, мекенди сүйүүгө чакыруу.