Жапалак аймагында мындан кийин маркум узатылган үйдөн тамак-аш берилбейт

 

Ош шаарынын  мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Ош шаарындагы Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында 12 мечит имамы жана айыл башчылардын, мектеп мугалимдеринин катышуусундагы “Ысырапкорчулукка жол бербөө” деген темада жыйын болуп өттү.

Жыйындын алкагында ысырапкорчулукка жол бербөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди бир калыпка келтирүү максатында талкуу болуп, анын жыйынтыгында айыл эли, жергиликтүү бийлик жана имамдардын сунуштары жана колдоосу менен төмөнкүдөй чечим чыгарылды:

  1. Маркумду акыркы сапарга узатууда аза күткөн үйдө 3 күнгө чейин жергиликтүү айыл тургундарына тамак-аш берүүгө тыюу салынды. (Алыстан келген туугандарга гана тамак-аш берүүгө уруксат берилет)  
  2. Кыркылыгында айыл тургундары чакырылбай турган болду. Ал эми жылдыгын ар бир адам мүмкүнчүлүгүнө жараша өткөрө берсе болот.      

Мындай чечимди ар бир айылга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы жергиликтүү имамга жүктөлдү. Ал эми той-топурлар боюнча ашыкча ысырапкерчиликтен арылуу боюнча чечим кийинки жыйында белгилүү болмокчу. 

Эскерте кетсек, Жапалак айылдык-аймактык башкармалыгынын курамына 13 айыл кирет. Анда 30 миңден ашуун эл жашайт.