Ала-Бука районунун баш имам хатиби Шумкарбек ажы Чыналиев жоокерлерге суициддин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Бүгүн, 6-декабрда Жалал-Абад облусунун  Ала-Бука районунун баш имам хатиби Шумкарбек ажы Чыналиев райондун борборунда жайгашкан №30670 аскер бөлүктө кызмат өткөгөн жоокерлердин ал абалы менен жакындан таанышты.

Жоокерлер менен жолугушууда Шумкарбек ажы мекенди коргоо,  сүйүү жана ага кызмат кылуу ар бир жарандын ыйык милдети экенине токтолуп, аларды адептүүлүккө, сабырдуулукка жана элге кызмат кылуунун жоопкерчилиги тууралуу баяндамасын жасады.

Мындан тышкары акыркы убактарда аскердик бөлүктөрдө суициддин  көп болуп жатканына байланыштуу ал тууралуу Куран, хадистерден мисал келтирип, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Иш-чаранын соңунда жоокерлердин кызыктырган суроолоруна жооп берди.