Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Озерное айылындагы 150 орундуу жаңы мечиттин ачылышына катышты

Бүгүн, 6-декабрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Озерное айылында 150 орундуу жаңы мечиттин ачылышы болду.

Мечиттин ачылыш аземине Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев, Аламүдүн районунун баш имам хатиби Абдурахман ажы Анаркулов жана демөөрчүлөр, жергиликтүү тургундар катышты.

Иш-чарада Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев мечит бул ыймандын ордосу, ынтымактын башаты, достукту бекемдөөчү жай экенин баса белгиледи. Муну менен катар мечиттин документ иштерин тез аранын ичинде бүткөрүү боюнча баш имам хатибге тийиштүү тапшырмаларды берди.