Талас районундагы 30 имам 3 күндүк окуудан өтүшүп, казыяттын сертификатына ээ болушту

Талас облусунун мусулмандар казыяты Талас районундагы имамдардын билимин жогорулатып, алардын эл менен болгон мамилесин, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөгү тажрыйбасын жогорулатуу максатында «Ийгиликтүү имам» аталышында 3 күндүк окуу курсун уюштурушуп, ага райондун 30 имамы катышты. Окуу курсу Арал айылында өтүп, имамдарга тажвид, акыйда, фыкх, жаназа жана намаздын ичиндеги кол байлоо, кулак кагуу боюнча  аят, хадистердин негизинде сабактар өткөрүлдү.

Акыйда илимин облус казысынын орун басары Касым ажы Сыдыков өтсө, фыкх илимин Медер ажы Сагынбаев өттү. Ал эми  тажвид илиминен Абдусамат уулу Өмүрзак ажы сабак берсе имамдарга түрткү берип, алдыга умтулуу боюнча даярдалган лекцияларды Жолдошбек уулу Канатбек жана Нуржан ажы Мамазалиев өттү,-деди казыяттын маалымат кызматынан.

Имамдар үчүн уюштурулган окуу курсунун соңунда атайын облустук казыяттын сертификаты тапшырылып, имамдар өздөрүнүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Эскерте кетсек, имамдар үчүн уюштурулуп жаткан окуу курсунун уландысы Беш-Таш айылында өткөрүлөт.