Ош шаарындагы Бобур драма театрында «Хадистердин негизинде Ислам» аттуу 7 томдук китептин бет ачаар аземи болуп өттү

Ош шаарындагы Бобур атындагы драма театрында Ош мамлекеттик университетинин теология факультети тарабынан уюштурулган «Хадистердин негизинде Ислам»  аттуу 7 томдук китептин бет ачаар аземи болуп өттү. Иш чарага Ош шаарынын вице-мэри, Түркиянын Диянет фондунун башкаруу кеңешинин орун басары, Түркия консулдугунун дин иштери боюнча кенешчиси, Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын ректорлору, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Ниязали ажы Арипов, Ош, Баткен облусунун жана Ош шаарынын казылары, шаардагы, райондогу баш имам хатибтери катышышты. Саамалык алкагында катышуучулар китеп имамдарга аманат экенин, аны текчелерге же китепканаларга койбостон дайыма пайдалануу зарылдыгын айтышты. Жыйындын соңунда «Хадистердин негизинде Ислам»  аттуу 7 томдук китептер конокторго, мечиттин имамдарына диний окуу жайлардын мугалимдерине белекке берилди.