Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев диний окуу жайлардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу максатында уюштурулган окуу семинарына катышты

Бүгүн, 22-январда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Бишкек шаарындагы Имам Сарахси атындагы Башкы мечитте диний окуу жайлардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу максатында КМДБнын диний окуу жайлар бөлүмү тарабынан уюштурулган окуу семинарына катышты.

Семинарга КМДБнын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов, “АВЕП” коомдук фондунун директору Нурлан Токонов жана КМДБга караштуу медреселер, диний окуу жайлардын мүдүрлөрү, кызматкерлер катышты.

Иш-чарада окуу жайлардын иш кагаз иштерин жүргүзүү, мекемелердин бухгалтердик ишиндеги эсеп-кысап маселелерин жөнгө салуу жана “АВЕП” коомдук фонду тарабынан ишке ашып келе жаткан «Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу» долбоорунун мындан аркы кадамдары, максаттары талкууланып, атайын окутуулар жүргүзүлдү.
Медресе мүдүрлөрү менен болгон жолугушууда Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев жылдан-жылга диний окуу жайларда билим берүүнүн сапаты жакшырып бара жатканын белгилеп, аталган долбоор өз жемишин берип жатканын айтты.

“Азыркы маалда технология өнүккөн учурда биз дагы андан артта калбай, медресе жаштарына кесиптик окуу жайларды жандантып, татыктуу билим беришибиз керек. Ата-энелер дагы уул-кызын бизге көп нерсени билип, окусун деп аманат кылып тапшырды. Андыктан аларга диний билим берүүнү жакшыртып, медреселердин ишмердүүлүгү ачык айкын болушу керек”,-деди Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев.

Эскерте кетсек, «Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу» долбоору 2017-жылдан бери Кыргызстандын жети облусунан тандалып алынган 28 медреседе ар кандай багыттар боюнча кесиптик билим берүүдө.

Адистиктер: “Ашпозчу-кондитер”, “Ширетүүчү”, “Электромонтажник, “Тикмечи”, “Бал челекчи”, “Тиричилик техникаларын оңдоочу адис”, “Эмерек жасоочу уста”, “Слесарь-сантехник” жана “Компьютердик сабаттуулукка үйрөтүүчү адис” багытында үйрөтүлүп, жаштар үч айдын ичинде эле эмгек рыногуна зарыл болгон кесипке ээ болушуп, сертификаттарды алышып жумуш менен камсыз болууда.

Долбоор дагы 2 жылга узартылды. Ага катышкысы келген медреселер долбоордун талаптарына жооп бере турган формаларды жана билдирүүлөрдү толтуруп, “АВЕП” коомдук фондуна кайрылышы керек.