Ош шаарындагы “Умму Мухаммад” медресесинин студенттери тиш дарыгерлеринин кароосунан өтүштү

Ош шаарындагы  “Умму Мухаммад” медресесинин студенттери өз ыктыяры менен тиш дарыгерлеринин көзөмөлүнөн өтүштү. Андаң кеп-кеңештер айтылып, бир жумалык окуу семинары болуп өттү. Кечээ 23-январда жыйынтыктоочу семинар болгондуктан Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев дагы катышып, ар бир адам өз саламаттыгына кам көрсө, жашоосу дагы куунак болоорун баса белгиледи.

“Бул дарыгерлер Ош шаарындагы башка балдар окуй турган диний окуу жайларга да барууну ниет кылууда. Сообун акыретте Аллахтан үмүт кылып, чын жүрөктөн эмгектенген жигиттер экен, иштеринде береке болсун”,— деп баса белгиледи Убайдулла ажы Сарыбаев. 

Ал эми тиш дарыгерлери студенттерди дыкат текшерип чыгышып, айрымдырынынын тиши жабыркап калгандыктан калыбына келтирип беришти. Бул кызматы үчүн акы алышкан жок. 

“Эгерде мындан кийин да тиш боюнча кандайдыр бир көйгөй жаралса, ар дайым кызматта болобуз. Тиш алмаштыруу үчүн медресенин мугалими аркылуу кайрылсаңыздар болот.  Сиздерден эмгек акы үчүн акча албайбыз” ,– деп тиш дарыгери  Бекболот уулу Расул.