“Сен жылмайсаң – аалам сага жылмаят” деген аталышта айымдар үчүн лекция өткөрүлдү

Кечээ, 23-январда Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятында Бишкек шаарында жайгашкан Кыргызстан Ислам университетинин окутуучусу Шермухаммед устаз Ташматов “Сен жылмайсаң – аалам сага жылмаят” аттуу темада айымдарга лекция өттү.

Лекцияга КИУнун окутуучусу Мумина  Орозмаматова,  Жалал-Абад областтык мусулмандар казыятынын үгүт-насаат, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Арпидин ажы Жороев жана облустун аймагынан келген жүздөн ашуун келин-кыздар катышты. Лекция абдан таасирдүү болуп, аялдар кенен маалыматтарга ээ болушту жана ыраазычылыктарын билдиришти. Соңунда китептер белекке берилди.

Андан соң Шермухаммед устаз Жалал-Абад шаарынын айланасында  жайгашкан балдар жана кыздар медреселеринин ишмердүүлүгү менен жеринен таанышты. Атап айтканда “Аиша Сиддика”, “Айти” , “Аз-Захра”жана “Имам Аьзам” медреселеринин мүдүрлөрү жана студенттери менен жолугушуп, алардын иштерине жана окууларына ийгиликтерди каалады.