Тоң районунун Төрт-Күл айылында “Спорт-ден соолуктун булагы” аталышта ынтымак иш-чарасы өткөрүлдү

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Күл айылында “Спорт-ден соолуктун булагы” аталышта ынтымак иш-чарасы өткөрүлдү. Бул туурасында райондук баш имам хатиб Таалайбек ажы Акунов билдирди.

Анын айтымында, бул иш-чара “Ислам- тынчтыктын, ынтымакты, биримдиктин дини” аталышта ортодогу ынтымакты бекемдөө максатында уюштурулду.

Жергиликтүү имамдар Букаев Таалайбек, Асанбек уулу Максат, Болотов Дөөлөтбектин демилгеси менен уюштурулган бул иш-чарага жалпы райондун имамдары, айылдык кеңештин депутаттары, РИИБ өздөрүнүн командалары менен катышты.

Таалайбек ажы алдыңкы орундарга ээ болгон оюнчуларга атайын акчалай сыйлыктарды, кызыктыруучу белектер, “Азирети Пайгамбар с.а.в. кантип тарбиялаган”, “ Пайгамбарыбыз Мухаммад с.а.в. тарбия берүүдөгү бал тамган тили”, “Таалим-тарбиядагы 101 кадам”  аталыштагы колдонмо китептери дагы таратылды.