ФОТО: Москва шаарындагы Крокус Сити Хол залында сүйүктүү Пайгамбарыбыздын (САВ) урматына карата Мавлид кечеси өттү

Кечээ, 26-январда Москва шаарындагы 6 миң орундуу «Kpoкyc Сити Холл» залында  сүйүктүү Пайгамбарыбыздын (САВ) урматына карата Мавлид кечеси өттү. Саамалыкка КР Орусия Федерациясындагы элчиси Аликбек Жекшенкулов, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов, Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев, Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Чубак ажы Жалилов, Абдишүкүр ажы Нарматов, КМДБнын Аппарат жетекчиси Садибакас ажы Доолов, Азирети Муфтийдин жардамчысы Улан ажы Ибарев, КМДБнын Орусия Федерациясындагы өкүлү Сүйүн ажы Жусубалиев жана Чүй облусунун мусулмандар казысы Руслан ажы Жумагулов   катышты.

«Ынтымакты үй-бүлөдөн баштайлы. Себеби үй-бүлө бекем болсо коом, мамлекетибиз бекем болот. Үй-бүлөнүн кооздугу анын бактылуулугунда. Андыктан адал эмгек кылып, кайсыл мамлекетте жашабайлы ал жердин мыйзамын сыйлап, турмуштун сыноосунда сабыр кылып, урушкандарды жараштырып, болоор-болбос нерсе үчүн үй-бүлөнү бузбайлы»,-деди Азирети Муфтий.

Мавлид кечесинин алкагында дин аалымдары баяндама жасашып, сүйүктүү Пайгамбарыбыздын (САВ) өмүр жолунан, үммөт үчүн жасаган баа жеткис эмгектерин айтышып, бүгүнкү күндө болуп жаткан көйгөйлөргө токтолушту.

Ал эми Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов Москва шаарында эмгектенип жүргөн мекендештерибиздин суроолоруна жооп берсе, Абдишүкүр ажы Нарматов Пайгамбарыбыздын (САВ) өмүр жолунан бир канча мисалдарды келдирип, Мавлид кечесинин катышуучуларын жана жалпы чет жерде эмгектенип жүргөн жарандарыбызды ынтымактуу болууга үндөдү.