Аламүдүн районунун баш имам хатиби Абдурахман ажы Анаркулов имамдарга 4 тапшырма берди

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Васильевка айылындагы «Умму Сааъд» мечитинде, райондун баш имам хатиби Абдурахман ажы Анаркулов айыл имамдары менен жолугушуп, аларга жыйын өткөрдү.

Жыйын учурунда райондогу диний кырдаал талкууга алынып, бир канча маселелер каралды. Алардын ичинен 4 маселеге катуу басым жасалгандыгы тууралу райондун баш имам хатиби Абдурахман ажы Анаркулов билдирип, төмөнкүдөй маалымат берди:

«Имамдар менен болгон чогулуш ай сайын болуп турат. Бул жолкусунда Васильевка айылында өткөрдүк. Райондогу диний кырдаал боюнча бардыгыбыз жоопкерчиликтүү экенибизди имамдарга айтып 4 маселе боюнча талкуу кылдык»,-деди Абдурахман ажы Анаркулов

Алар:

  1. КМДБ тарабынан уюштурулуп жаткан Ыйык Умра ибадатын элге жеткирүү
  2. Эл ортосундагы ынтымак-биримдикти бекемдөө боюнча үгүт-насаат иштерин токтотпоо
  3. Мечиттердин иш кагаздарын иретке келтирүү
  4. Айылдагы намазканаларды көзөмөлгө алуу, намазканалардын максатын жамаатка түшүндүрүү.

Чогулуш соңунда суроо-жооптор болуп, кийинки жыйындын убактысы, өтө турган орду белгиленди.