Жунус Дюшеков: Аалам үчүн тынчтыктын мааниси кандай зарыл болсо, убакытты текке кетирбей туура пайдалануу инсан үчүн ошондой зарыл

Ысык-Көл облустук мусулмандар казыятынын маалымат бөлүм адиси Жунус Дюшеков, 2020-жылга карата каралган иш пландын негизинде шаардык билим берүү бөлүмү, ШИИБ алдындагы 10-бөлүм жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн өкүлдөрү менен биргеликте Каракол шаарындагы №5 Нариманов атындагы орус тилдүү мектебине зыярат кылды.

Мектеп окуучулары менен болгон жолугушууда Жунус ажы аларга билим алуунун зарылдыгы, убакытты туура пайдалануу боюнча баяндамасын жасады.

“Мектеп окуучуларына болгон кезектеги ыйман, таалим-тарбия сабагыбыз быйылкы жылда аткарыла турган эн негизги иш-чаралардын катарында болгон себептен, бүгүн мектеп окуучулары менен жолугушуудабыз. Ошону менен бирге, окуучуларга экстремизм, терроризм, «Ислам тынчытыктын дини», «Билим алуу алдыга кадам», “Ата-энени урматтоо” деген темада баяндама жасадык,”-деди Жунус Дюшеков.

Аталган жолугушуу мектептин жыйындар залында болуп, жетекчилик жана 9-10-11- класстардын окуучулары катышты. Аалам үчүн тынчтыктын мааниси кандай зарыл болсо, убакытты текке кетирбей туура пайдалануу инсан үчүн ошондой зарыл экендигине токтолуп, маалымат бөлүм адиси Жунус Дюшеков окуучулардын суроолоруна жооп берди.