Нарын облусунун казысы Мамбетасан ажы Ибраев “Билим Кербени” долбоорунун алкагында окуучуларды китеп окууга чакырды

“Билим Кербени” долбоорунун алкагында Нарын облусунун казысы Мамбетасан ажы Ибраев Ат-Башы районундагы  бардык орто мектептерде окуучулар, мугалимдер жана ата-энелер менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу алгач Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен мектеби, Баш-Кайыңды айылынын А.Чортеков мектеби, Ат-Башы айылынын К.Мамбеталиев мектеби, Ак-Жар айылынын Жаналы уулу Абдракман мектеби, Большевик айылынын А.Табылдиев орто мектеби жана башка райондогу бардык мектептерде жолугушууларды өткөрдү.

Ата-энелер  үчүн   Мамбетасан ажы Ибраев балага тарбия берүү, мугалим, ата-эне, окуучу ортосундагы мамиле жана бүгүнкү күндүн көйгөйү болгон Интернет тууралуу айтып берди.

Мындан тышкары окуучулар үчүн атайын спикерлер  Талант Ниязбеков жана Кошой Мөндүрбаев билим, кесипке туура багыт берүү, ыйман, адеп тууралуу лекцияларды өтүштү. Жолугушуунун жүрүшүндө алгач лекциялар, андан кийин суроо-жооптор орун алды.

«Максатты бийик коюп, кайраттуулук менен алдыга умтулгула. Жашбыз деп убакытка алданбай, азыртадан көздөгөн максатыңарга жетүүгө аракет кылгыла. Албетте, ой-өрүшүңөрдү өнүктүрөм десеңер, анда көп-көп китеп окугула», — деп кайрылды Мамбетасан ажы Ибраев окуучулар менен болгон жолугушууда.

 Долбоор — облус аймагындагы бардык билим берүү мекемелеринин окуучуларына, студенттерине, мугалимдерине жана ата-энелерге багытталган. Долбоордун максаты, өлкөнүн бардык орто жана жогорку билим берүү мекемелеринде окуган окуучуларга жана студенттерге атайын алдыга умтулууга шык (мотивация) берүү максатында жолугушууларды уюштуруу жана практикалык тренингдерди өткөрүү.

Ошондой эле алардын лидерлик сапатын жогорулатуу менен дүйнөгө болгон көз карашын кеңейтип, коомго салым кошуусуна үндөө болуп саналат. Долбоордун өзгөчөлүгү китеп конкурсу уюштурулуп, атайын тестирлөөнүн жыйынтыгы менен алдыңкы оорунду ээлегендерге белектер, акчалай сыйлыктар жана кийинки турга жолдомолор берилет.