Жайкы эс алуу убагында Нарын медресесинин студенттерине кошумча кесиптик сабактар окутулууда

Нарын медресеси Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана «АВЕП» коомдук фонду менен биргеликте медреседе окуган студенттер үчүн атайын кесиптик билимдерди окутуп, жайкы эс алуу учурунда студенттер ашпозчулук жана англис тили сабактарын атайын адистерден жумасына 5 күн окуп, өз билимдерин жогорулатышууда.

Кош кесиптин үйрөтүлүшү медресе бүтүрүүчүлөрүнө кошумча билим берип, эртеңки жумушсуздуктун санын азайтуу. Учурда 13 студент англис тил курсун окуп жатса, 15 студент атайын жабдыктарды жана азыктарды колдонуу менен бирге ашпозчулукту үйрөнүүдө. Ашпозчулукту үйрөтүүгө келген атайын жабдыктар курс бүткөн соң медресеге калтырылып, медресе ал жадыктарды колдонуу менен курс окууну каалагандарга акы төлөнүүчү курстарды окутмакчы. КМДБ жана «АВЕП» коомдук фонду Кыргызстандагы медреселердин окуучуларын жумушсуз калтырбоо жана медреселерге кошумча киреше киргизүү максатында бир катар диний окуу жайларга  ушул долбоорлор киргизип жаткан мезгили.