Чолпон-Ата шаарында учурдагы кырдаалга карата активдүү аракеттер көрүлүүдө

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында учурдагы кыраалга карата чукул жыйын өтүп, активдүү аракеттер көрүлүүдө. Бул туурасында Чолпон-Ата шаарынын баш имам хатиби Абдыразак ажы Балтабаев билдирди.

Анын айтымында, шаардык мэриянын кабылдамасында вице-мэр Алмаз Белеков, Чолпон-Ата шаардык православ өкүлү Александр Дмитриевичтин катышуусунда болгон бул отурум болуп, анда учурда коомчулукта кооптонуу жаратып жаткан илдетти алдын-алуу аракеттерин жүргүзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

“ Учурда шаар тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мечит, мектептерди жана коомдук жайларды дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө”,-деп Абдыразак ажы.