Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу бүгүн таңда Бишкек-Медина багыты боюнча Сауд Арабиясына учуп кетишет

Кыргызстандык  ажылардын алгачкы тобун узатуу салтанаты бүгүн, 24-июлдан 25-июлга караган түнү саат 02:00до Бишкек шаардыдагы Манас-2  Эл Аралык Аэропортунда өтмөкчү. Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобун узатуу иш чарасына Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан, Сауд Арабия Падышачылыгынын Кыргызстандагы элчиси жана консулу, 2018-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча штаб башчысы Жоробай ажы Шергазыев катышмакчы.

Ар бир учуучу топто 300 ажы сапар алышып, ар бир 300 ажыны 6 ажы башчы коштоп бармакчы. Ар бир ажыга аттануучу жаран учуу графигинде көрсөтүлгөн мөөнөттөн 5 саат алдын аэропортко барып, каттоого даярдануусу зарыл. Алгачкы каттам Бишкек-Медина багыты боюнча Сауд Арабиянын Медина шаарына учуп кетишмекчи.

Алгачкы ажылардын тобун коштоп баруучу ажы башчылар:

Акматов  Кабылбек  Эгембердиевич

Нурдин уулу  Сүйүнбек

Кекебаев  Кенжебек  Дүйшөнович

Узеналиев  Сулумбек  Дилдебекович

Акимбай уулу  Равшанбек

Кадыров  Шамсиддин  Сайдуллаевич

Кыргызстандык ажылардын Сауд Арабиясына учуу графиги (РЕЙСТЕР)