Кадамжайдын «Бак» айылынын имамы муктаж 2 үй-бүлөгө 20 мүшөктөн көмүр таратты

Кадамжайдын «Бак» айылынын имамы муктаж 2   үй-бүлө 20 мүшөктөн көмүр таратты. Кайрымдуулук жардам районго караштуу Майдан айыл өкмөтүнүн «Бак» айылдагы муктаж, жетим балдарды тарбиялаган эки үй-бүлөгө көрсөтүлдү.

Биз албетте элдин кызматында болгондуктан, ортомчулук милдетти эле  аткарабыз. Элден түшкөн каражат, буюмдар адилеттүүлүк менен бөлүштүрүлүп берилүүдө. Кайрымдуулук ишине айылдагы кээ бир адамдардын дагы салымым бар,- дейт Мамарасул  Ураимов

Ал эми мечит имамы Мамарасул  Ураимовдун айтымында кайрымдуулук иш чаралары буга чейин дагы  уюштурулуп, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жардамдар берилип келүүдө.