Нарын казыятынын жардам баштыктары райондордо таркатылып берилди

Нарын облустук мусулмандар казыятынын демилгеси менен кайрымдуу берешен адамдардын колдоосунун алкагында Нарын облусунун аймагында 600 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам баштыктары берилди.

Анын алкагында Нарын облусундагы 5 райондун ар бири 25ден жардам баштыктары, тагыраагы Ат-Башы, Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор жана Нарын райондоруна жеткирилип таркатылып берилди.

Жардам баштыктарын таркатып берүү райондордун баш имам хатибдерине тапшырылып, алар жеринде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк салынган баштырдын жеткиришти. Жалпысынан алганда райондордогу аз камсыз болгон 125 үй-бүлөгө жардам баштыктары таратылды.