Жалал-Абад облустук казыят кызматкерлеринин Рамазан айына карата онлайн жыйыны болду

Кечээ, 19-апрель кунү Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Закиров Абдулазиз каары өзгөчө абалга байланыштуу казыят кызматкерлерине «ZOOM» тиркемеси аркылуу онлайн жыйыны болуп өттү.

Жыйында келе жаткан Рамазан айына карата калкка түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү боюнча маселе козголуп, учурдагы кырдаалды эске алынып, дин кызматкерлерине тийиштүү тапшырмалар берилди .

“Жалпы эле имамдарга өзгөчө абалга байланыштуу таравих намаздары үйлөрдө окулуп жана ооз ачыруулар дагы өткөрүлбөй турсун. Калк тарабынан ооз ачаарга чакыруулар болуп калса эч бир имам барбасын.  Ошондой эле ооз ачуу жана ооз бекитүү убактылары, фитр жана зекет өлчөмдөрү мобилдик телефон жана соцтармак каражаттары аркылуу түшүндүрүлсүн”,-деди облус казысы.