Ноокендин Масы айылында жардамга муктаж 25 үй-бүлөгө тамак-аш азыктары таратылды

Жалал-Абад областына караштуу Ноокен районунун хатибиятынын алдында түзүлгөн «Хадия» кайрымдуулук дүкөнү кезектеги жардамга муктаж үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүштү.

Тактап айтканда, Масы айылында аз камсыз болгон 25 үй-бүлөгө 36 000 сомдук күнүмдүк керектелүүчү тамак-аш азыктарын тапшырды.