Ат-Башы районунун Ача-Кайың айылынын 48 тургунуна жардам баштыкчалары таратылып берилди

Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылындагы 48 муктаж болгон үй-бүлөлөргө жардам баштыктары берилди. Бул тууралуу Ат-Башы районунун баш имам хатиби Абдулла Тахиров билдирди.

Маалым болгондой, 17- апрель күнү Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында адаттагыдай эле элдин арасынан муктаж болгон үй-бүлөлөргө айылдын мечит жамаатты жардам баштыгын таратты. Жардам баштыктарына жергиликтүү жамаат 48 000 сом каражат чогултушкан.

«Жергиликтүү жамаат 48 миң сом каражат чогултуп ар бир баштыктын баасы миң сомдук азык-түлүк салынган 48 жардам баштыгы даярдалып, муктаж үй-бүлөлөргө таратылды. Ушул кылган садакабыздын урматына жана кирип келаткан улуу рамазан айынын урматына Аллахым бизди бул балээден куткарсын»,- деди баш имам хатиб Тахиров Абдулла