Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз кары Закиров баш имам хатибдерге онлайн жыйын өткөрдү

Бүгүн, 21-апрелде Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз каары Закиров облас аймагындагы район-шаарлардын баш имам хатибтери жана казыят кызматкерлерине онлайн жыйын өткөрдү.

Жыйын Ыйык Куран аяттарын окуу менен башталып, өзгөчө абал башталгандан бери имам хатибтердин аткарган иштеринин маалыматын укту. Мындан тышкары Рамазан айына карата Муфтият  тарабынан чыккан фатва, буйруктарга моюн сунуп, талаптагыдай аткарууну эскертти.

“Ар кимибиз ар жакта болсок дагы Алланын кудурети менен, илимдин жетишкендиги аркылуу сүйлөшүп олтурабыз. Баарыңыздарды келе жаткан Ыйык Рамазан айы менен куттуктайм! Диний жетекчилик тарабынан чыккан бардык буйрук, фатваларга моюн сунуп так аткарууга чакырам”-деди облус казысы.