Манас районундагы 40 үй-бүлөгө эт жана тамак-аш азыгы таратылды

Кечээ, 20 — апрелде Талас облусундагы жайгашкан  Манас районуна караштуу  Манас, Талас айылдардагы колу жука үй-бүлөлөргө жергиликтүү кайрымдуу инсандардын, жаштардын көмөгү менен кайрымдуулук жардамы көрсөтүлдү.

Соопчулук ишинде Манас айылындагы колунда бар инсандар жана айыл имамы Эралы Керимкулов, айыл башчысы Жаныш Жанталиев, жергиликтүү кеңештин депутаттары Кушуев Сагынбек, Асылбеков Дамирбек, Таалайбек уулу Анарбек менен биргеликте жалпы 50 000 сомдук тамак-аш азыктары жана 3 кой союлуп, эти айылдагы 20 дан ашык муктаж үй-бүлөлөргө таратылып берилди.

Ал эми Талас  айылынын имамы Кунышбек Ниязалиевдин демилгеси менен айылдын  1984 — жылы туулган эр азаматтардын демөөрчүлүгү менен 48 000 сом чогултушуп, 20 муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары азык-түлүктөр таратылды.

“Ушундай кыйын кезеңде жардамга кол сунган эр азаматтарыбыздын сооп амалына Жаратканым иштерине, өмүрүнө,  үй-бүлөсүнө береке насип этсин . Мындай кубанычтуу кабар, сооп иштери ар бир айылда болуп турса жакшы болоор эле”, — деди Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев.