Муфтияттын Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү Москвадагы кыргызстандык мекендештерге жардам баштыкчасын таратты

Кечээ, 21-апрелде Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү тарабынан жардамга муктаж 30 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылып берилди. Бул тууралуу КМДБнын Орусиядагы өкүлү Сүйүнбек ажы Жусубалиев билдирди.

Анын айтымында, учурдагы кырдаалды эске алып, улуу Рамазан айы кирип келгендиктен өкүлчүлүк 40 миң рублдин тегерегинде жардам баштыкчасын даярдап, Москва шаарында эмгектенген кыргызстандык мекендештерге таратылды.

«Биз дагы ушундай оор кырдаалда кол куушуруп карап турбастан колубуздан келишинче иштебей үйүндө отуруп калган мекендештерге жардам бергибиз келди. Аларга күнүмдүк тамак-аш азыктарынан ун, май, макорон, пияз, картошка, күрүч, гречка, курма, бет кап, намаз китеби салынган баштыкчаны жардамга муктаж үй-бүлөлөргө таратып бердик. Мындай кайрымдуулук жардамы кийин дагы улантылат»,-деди Сүйүнбек ажы Жусубалиев.