Лейлек районунда «Имамдан жардам» долбоору башталып, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратылууда

Баткен облусунун Лейлек районунун баш имам хатиби Абдиравшан ажы Дүйшөевдин демилгеси менен Лейлек районунун жалпы имамдары үчүн «Имамдан жардам» долбоору башталды.

Анын алкагында райондогу ар бир имам өз айылындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 1500-2000 сомго чейин азык-түлүк алышып, жардам көрсөтүүдө.

“Долбоорубузду жергиликтүү бийлик колдоого алууда. Биздин максат хадисте айтылгандай мусулмандын өзү ток кошунасы ач болгону дурус эмес экендигин, өлкөбүздөгү оор абалда дин кызматкерлери четте карап турбастан ар бири биз салым кошуу болуп саналат”,-дейт Абдиравшан ажы Дүйшөев.