Аламүдүн районунда колу жука үй-бүлөлөргө 350 миң сомдук жардам көрсөтүлдү


Чүй облусуна караштуу Аламүдүн хатибияты жана райондогу имамдардын демилгелери менен муктаж үй-бүлөлөргө 350 миң сомдук жардам берилди. Бул тууралу Аламүдүн районунун баш имам хатиби Абдурахман ажы Анаркулов билдирди.

Маалыматка караганда, Аламүдүн районунун борбордук «Розалим» мечитинин жааматы 180 миң сом чогултуп, ага күнүмдүк азык-түлүк сатып алышкан. Алынган азык-түлүк Лебединовка жана Гроздь айылдарынан муктаж болгон 150 үй-бүлөгө тапшырылды.

Ошондой эле, Пригородный айылынын мечит жааматы 50 миң сом топтоп, ага алынган азык-түлүктү 30 үй-бүлөгө таратышкан. Ушул сымал эле кайрымдуулук иш-чарасы Арчалы айылында уюштурулуп, 30 миң сомдук азык-түлүк муктаж үй-бүлөлөргө таратылды.

Ал эми Озерное жана Беш-күнгөй айылдарында да 100 миң сомдон ашуун каражат топтолуп, колу жука үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлдү. Райондун баш имамы бул иш-чаралар хатибияттын көзөмөлүндө өтүп жатканын айтып, райондогу кайрымдуулуктун бир чети экенин баса белгиледи.

«Кыйынчылык – бул ар кимдин башына ар кандай болуп келет. Азыркы тапта мамлекетибиздеги өзгөчө абал режиминде, тилекке каршы күнүмдүк азык-түлүккө муктаждар пайда болууда. Мына ушул учурда элибиздин батасын алалы деп хатибият жана райондогу имамдар кайрымдуулук иш-чараларын уюштура баштадык. Бардык иш-чаралар хатибияттын көзөмөлү менен жүрүп жатат. Кудайга шүгүр! Кайрымдуу жарандарыбыз көп экен. Бул келтирилген маалымат райондогу жүрүп жаткан иштердин чети гана», — деди райондун баш имам хатиби Абдурахман ажы Анаркулов.