Бакай – Ата айылына 40 муктаж үй – бүлөлөргө азык – түлүктөр таратылды

Талас облусунун Бакай – Ата районуна караштуу Бакай – Ата айылында кайрымдуулук иш-чарасы болуп өттү. Мындай соопту ишке айылдын “Саад бин аби Вакас” мечиттин имамы Үсөн Жороев менен биргеликте айылдын 2 жеке ишкерлердин демөөрчүлүгү менен ишке ашырылды.

Алар өздөрүн айылдарына жана коңшу айылдарга жалпы 40 муктаж үй-бүлөлөргө азык – түлүктөрдү жеткирип беришти. Ар үй-бүлөгө 1 кап ун, 5л. май, 1 каропка китлап таратылды.

«Кележаткан улуу орозо айына карата айылда колу жука үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүктөр чектелгендерге, азыркы кырдаалдарга байланыштуу жумушу жокторлорго карата айылыбыздын эр азамат жигиттерибиз акчасына карабай муктаждарды ойлоп, элдин батасын алабыз дегендерге Аллах ыраазы болсун. Ушундай кырдаалда баарыбыз биримдик, ынтымак жана сабыр менен жеңебиз”, — деди айылдын имамы Үсөн Жороев.