Президент Сооронбай Жээнбеков Орозо айынын башталышы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-апрелде, кыргызстандыктарды Орозо айынын башталышы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу мекендештерим!

Ардактуу мусулмандар!

Баарыңыздарды куттуу Орозо айынын башталышы менен чын дилимден куттуктайм!

Отуз күн кармаган Орозонун касиети менен дил дүйнөбүз тазарат, ыйманыбыз тереңдейт, аруу сезимдер арбып, жакшылыкка болгон үмүтүбүз бекемделет.

Коомдук биримдикке, улуттар арасындагы ынтымакка, бири-бирибизди колдоого чакырган Орозо күндөрүнүн мааниси — бүгүнкү татаал мезгилде өзгөчө бийик, ушул улуу касиеттер учурда бизге өтө зарыл.

Баарыңыздарга бекем ден-соолук, бактылуу жашоо каалайм, жүрөктөрдө тынчтык орноп, аруу тилектердин орундалышын тилейм!

Туткан Орозоңуздарды Кудайым кабыл кылсын!

Жараткан Аллах элибизге ынтымак, жергебизге тынчтык берсин!»