Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиевдин ыйык Рамазан айына байланыштуу куттуктоосу

Бисмиллахир рохманир рохийм!

«Силерден ким ушул айга күбө болсо (туш келсе), орозо кармасын!» деп, Рамазан айынын орозосун баарыбызга парз кылган Алла Таалага чексиз алкыш-мактоолор болсун!

«Ким Рамазан айында ишенип жана сооп үмүт кылып, түнкүсүн намаз окуса, анын мурунку өткөн күнөөлөрү кечирилет», деген сүйүнчү менен баарыбызга Рамазандын түндөрүн намаз окуу менен өткөрүүнү сүннөт кылып берген Азирети Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафага салам жана салаваттар болсун!

Урматтуу диндеш бир туугандар, кымбаттуу мекендештер!
Баарыңыздарды жана бүт Ислам ааламын босогобузда турган такыбалыктын жана Куран айы болгон ыйык Рамазан айы менен Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин жалпы мүчөлөрүнүн жана өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктаймын.
Он бир айдан бери зарыгып күтүлгөн, айлардын султаны болгон Рамазан айы кирип келди, дилибизге кубаныч тартуулап, ыйманыбызды нурлантып, күнөөлөрүбүздү төгүп, рухубузду аздектеп тарбиялоочу ибадат айы кирип келди.

Бул ай – чыныгы Ислам айы, ыйман айы, Куран айы, сабырдуулуктун айы жана ибадаттын айы. Бул айда бейиштин эшиктери ачылып, тозоктун эшиктери жабылат, шайтандар болсо кишенделет.
Бул айда мусулмандардын кайрымдуулугу, мээр-акыбети ар качанкыдан толуп-ташып, жоомарттыгы өсүп, берешендиги толкундап турат. Ошондуктан Рамазан айында момун-мусулмандардын ортосунда мээримдүүлүк, ынтымак-биримдик, бир туугандык жана боорукерлик сезимдери дагы да бекемделет.
Бул айда жер бетине Алла Тааланын ырайым нурлары, магфират (кечирим) нурлары түшүп турат. Анткени Рамазанда таравих намаздарында Куран хатымдары окулат.

Бул айда жер жүзүнө берекет жаайт, анткени Рамазандан пайдаланып, соопторду дагы да көбөйтүп алуу ниетинде зекет, фитр, фидя сыяктуу материалдык ибадаттар, садакалар, кайрымдуулук эхсандар дал ушул айда аткарылат. Алла Тааланын сыноосунда чыдап келе жаткан муктаждарга, көңүлү ооруп жүргөн пенделерге жана колунда жок момундарга мээрбандык көрсөтүлөт, оорулуулар, кадырлуу карыялар зыярат кылынат, араздашкандар жараштырылат.
Алла Таала Өз мээримин жаадырган бул айда мусулмандардын баары түнү бою ибадат кылып, саарлык дасторконунда чогулуп, кайра ибадатка кубат топтойт. Күнү бою ысыка тапталып, кечке чейин напси менен күрөшкөн момундар ооз ачарда кубанычка бөлөнөт, күндүзгү ибадаттарын Алла Таалага арнап, түнкү ибадатка – Куранды хатым кылуу үчүн тик туруп намазга киришишет.
Бир айлык эртели-кеч кылынган мына ушундай ибадаттарга сыйлык катары, күнөөлөрүбүз жана айып-кемчиликтерибиз кечирилет. Ошондуктан бул айдын башы ырайым, ортосу кечирим, аягы болсо тозоктон кутулуу болуп саналат.
Мына ушундай ыйман майрамы, Куран майрамы болгон бул берекелүү ай баарыбызга маарек болсун!

Алла Таала Рамазандын урматына, саарлыкта жана ооз ачарда тилеген дубаларыбызды кабылдап, эл-журтубузга тынчтык, токчулук, молчулук берсин, ыйманыбызды бекем, жашообузду берекелүү, жан дүйнөбүздү топуктуу кылсын! Кудай Таала дүйнөнү каптаган таажы тумоосунан адамзатты тез арада арылтсын жана сыркоологондорго шапаа берсин! Бейиштин берметиндей болгон мекенибиздин келечеги ыйман нуру менен жарык болсун!

Урматым менен Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев.